Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

КЫТАЙ: ТАН ДООРУНУН ТАҢШЫГАН АКЫНДАРЫ ЧЫККАН УЛУУ ӨЛКӨ


Кытайдын маданият гүлдөп өскөн Тан доору жети жүзүнчү жылдарга туура келип, акындар Ли Бо, Ду Фу жана Бо Цзюй ал доордун эң мыкты акындары катары бааланат. Кытайдын бул акындарынын ырларын көп жылдардан бери белгилүү акын Сагын Акматбекова которуп келатат. Кытай классиктери Ли Бо, Ду Фу жана Бо Цзюйдун чыгармалары кыргыз поэзия сүйүүчүлөрүнө анча-мынча таанымал.

Мына ушул маданияты гүлдөп-өскөн Кытайдын Тан доорундагы мыкты акындарынын ичинен кытайлыктар тарабынан да, эл аралык окумуштуулар тарабынан да Ли Бо өзгөчө бааланат. “Балким менин тамырым Ли Бодо жатабы” деп толкунданды Ли Бонун азыркы Токмок – байыркы Суябда жашаганын айтып кубанып акын Сагын Акматбекова:

- Мынабу азыркы Токмокто – байыркы Суябда атактуу Баласагындын жеринде Ли Бо да жашаптыр да... Ошондуктан мен өзүмдү Ли Бонун тамырлашындай, уңгулашындай көрүп кеттим...

Эми Сагын Акматбекованын котормосундагы Ли Бонун “Кошунамдын короосундагы анарды даңктайм” аттуу ыры мындайча:

- Анарды даңктоо менен Ли Бо ал короонун ээси жаш келинге болгон арзуусун билдирип жатат:

Кошуна келин жашаган,
Короосу гүлдүү кашаадан,
Тосулган тамдын жанында,
Күн-чыгыш айнек жагында,
Ар кимдер сугун салар бар,
Айрыкча бышкан анар бар...

Караймын ичтен жабыга,
Каалгасы жабык дайыма,
Аптыгып жүрөк дирилдей,
Айнегин тиктейм билинбей,
“Үмүтүң үз” деп айтылуу,
Үлпүлдөк парда тартылуу...

Тарыхый булактарда Ли Бо менен Ду Фу эң жакын достордон болушканы жана булардын эң кичүүсү Бо Цзюй Ли Бо менен Ду Фунун эң сүйүктүү шакирти экендиги айтылат. Эми болсо Сагын Акматбекованын котормосундагы кытайдын дагы бир чыгаан акыны Ду Фунун “Гао Шянга арнайм” деп аталган ырын окуйлу:

- Эсиңде бекен экөөбүз,
Эки айрык жолго кеткенбиз,
Өткөрүп баштан көп ишти,
Өңкөйгөн кезде көрүштүк...

Сага да, мага жолдору,
Турмуштун оңой болбоду,
Албайбыз такыр мактана,
Атак-даңк, кызмат жактан да...

Жолугуп бирок өзүңө,
Кайткансып ал жаш кезиме,
Ээлигип колтук тепкилеп,
Эргүүгө толду эт-жүрөк...

Ал эми Ли Бо каза болгондо анын сүйүктүү шакирти Бо Цзюй бейитине келип, жүрөгүнөн төмөнкү ыр саптарды сызылткан экен:

- Аттиң ушул акын тирүү кезинде,
Жаралгандын жаны менен сүйлөгөн,
Бир суу эле өчүрбөстү өчүргөн,
Бир жалбырттап күйүп турган дүйнө эле...

Абалтадан акындар оор жашаптыр,
Көрбөгөнү, көр болгону канча бар,
Бу жарыкта жан көрбөгөн азапты,
Ли Бо сындуу тарткан бирөө жок чыгар...
XS
SM
MD
LG