Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

"УЛУУ ТЕРРОР" ТУУРАЛУУ КИТЕПТЕР КАЙРА ЖАЗЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Августтун башында - СССРде "Улуу террор" башталганына 70 жыл толууда. 1950-жылдарда компартия өзү жарыялаган маалыматтарга караганда, эки жылдын ичинде бир жарым миллиондон ашык адам репрессияланган. Бирок акыркы мезгилде Орусияда - Сталин жана анын саясатына болгон мамиле өзгөрүп, мектеп китептери кайра жазылууда.

1936-жылдын сентябрында СССРдин Ички иштер министри болуп дайындалган Николай Ежов 1937-жылдын 30-июлунда атайын буйрук чыгарган жана анын эртеси, 31-июлда Компартиянын политбюросу аны бекиткен. Ал буйрукка ылайык, мурдагы кулактар менен кылмышкерлер жана алар менен кошо совет өкмөтүнө каршы чыккандар репрессияланууга тийиш деп ачык жазылган.

Айрым маалыматтарга караганда, буйрукта - ал максатка кантип жетүү керек экени жөнүндө дагы көрсөтмө берилген: төрт айтын ичинде, 5-декабрга чейин 80 миңге жакын адам атылып, 200 миңге жакын киши соттолууга тийиш болчу. Бирок ички иштер министрлиги ал көрсөткүчтөргө жете албай калгандыктан, буйрукту аткаруу мөөнөтү 1938-жылдын 15-январына чейин узартылган, андан кийин болсо жергиликтүү жетекчилердин суранычы менен операция 1938-жылдын ноябрына чейин уланган.

Кийин Никита Хрущев Сталиндин саясатын ашкерелей баштаганда, 1955-жылдын 31-декабрында атайын комиссия түзүлгөн жана анын төрагасы Петр Поспелов 1956-жылы билдиргенге караганда, 1937-1938-жылдарда 1548000 адам кармалып-соттолгон жана алардын 682 миңи атууга кеткен. Айрым тарыхчылар бул маалыматты - төмөндөтүлгөн сан деп эсептейт, башкалардын айтымында болсо, террор СССРде - Октябрь революциясынан кийин дароо башталган жана 1937-1938-жылдарда ал өз чокусуна жеткен.

Үстүбүздөгү жылдын июнунда болсо Маскөөдө коом таануу боюнча мугалимдердин конференциясы болуп өттү жана ага катышкан илимпоздор менен 12-июнда Кремилде жолукканда, президент Владимир Путин:

- Орусия тарыхында репрессиялар болсо дагы, тарыхты каралап жана бизге күнөө тагып кереги жок, кандай болгондо дагы, биз башка мамлекетке атом бомбасын таштап, же Вьетнам сыяктуу мамлекеттердин үстүнө химиялык заттарды чачкан эмеспиз,- деп билдирди.

Натыйжада, 2003-жылы жарыкка чыгып, акыркы мезгилге чейин мектептерде окутулуп келген тарых китебин колдонуу токтотулуп, анын ордуна жаңы эки китепти пайдалануу сунуш кылынууда. Анын бири "1945-2006-жылдардагы Орусиянын соңку жаңы тарыхы", экинчиси болсо "XXI-кылымдагы дүйнө" деп аталат. Бул китептерде өлкө тарыхы жана өзгөчө Путиндин мезгили макталып, Батыш мамлекеттеринин саясаты сынга алынат.

Бирок Маскөөдөгү "Мемориал" уюмунун жетекчиси Арсений Рогинскийдин айтымында, келечекте абал баары бир өзгөрөт деп ишенсе болот: "Жазылып жаткан окуу китептеринин авторлорунун бири менен мен сүйлөштүм, ал мага айтат - эки башка тарых болбош керек, ошондуктан башка пикирлерди биз бербейбиз дейт. Анын айтымында, окуучуларга бир гана тарых окутулууга тийиш жана ал бактылуу тарых болуш керек. Бирок, Орусияда эч нерсе түбөлүк эмес",- дейт Рогинский.

"Яблоко" партиясынын төрагасы Григорий Явлинскийдин пикиринде болсо, тарыхты окутууда мындай абал түзүлгөнү - жалпы коомдогу жагдайды чагылдырат: "Кеңири түшүндүрүү иштери өткөрүлүүгө тийиш, бирок аны менен катар - илгери мамлекетке каршы болгон ири кылмыштар расмий түрдө таанылууга тийиш, ал жөнүндө ачык, эки башка түшүнүлбөгөндөй айтылыш керек. Жана ошонун негизинде кийин окуу китептерин кантип жазуу, мектептер менен университеттерде тарых кантип окутулууга тийиш деген чечимдер кабыл алыныш керек. Ал жөнүндө мамлекет гана эмес, бүткүл коом ачык чечим кабыл алууга тийиш, антпегенде ал кесепеттерден арыла албайбыз",- дейт Явлинский.
XS
SM
MD
LG