Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

МЕКТЕПТЕРДИН ТАҢЫ БЕЙКУТ… АЗЫРЫНЧА


Мектеп окуучулары, айталы өрүшү өр тарткан өлкөлөр делген - АКШ, Канада, Жапония, Франция, Испания, Польшада - 12, Германия, Швеция, Чехия, Италияда - 13, Голландияда - 14 жыл билим алышат. 12 жылдык билим берүү амалына КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Балтика боюндагы республикалар, Молдова, Украина, Беларусь, Өзбекстан өткөн. Билим берүүнүн мындай жолуна өтүү маселеси кезинде Кыргызстанда да көтөрүлүп барып тынчып калган.

«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити орто мектептердеги окутуунун күңгөй-тескейи жөнүндө макалалар топтомун жарыялады. Мында негизинен 12 жылдык билим берүү тууралуу сөз болгон. «Эгалите» коомдук фонддун кызматкери Вера Выговскаянын пикири боюнча ансыз да кыйналып турган Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү кирсе болуп көрбөгөн түйшүк менен артыкбаш чыгымдарды апкелет. Анткени мугалимдер үчүн кошумча айлык акча төлөнүшү, кошумча окуу китептери, компьютерлер, карталар менен таблицалар, класттар керек… Ансыз да шаар мектептери балдарды батыралбай эки нөөмөт менен окутуп келатат. Эгер 12 жылга өтсө анда 3-түнкү нөөмөт пайда болот. Анда түнкүсүн окуган окуучулар үйлөрүнө кантип кетет? Акыркы жылдардын социологиялык иликтөөлөрү көрсөткөндөй азыр Кыргызстандын мектептери төмөнкүдөй баш ооруларга тушуккан: окуу программаларынын дагы эле жакшыртыла электиги, мугалимдердин жетишсиздиги, кадрлардын сапатынын төмөндүгү, коррупция, мектептердеги кылмыштуулук жана бул жайларда түрмө маданиятынын барган сайын тамырлап жатышы…жана башкалар. Ушул эле гезит тизесинде жыртыгы бар жынсы шым, этине жабышкан эки эли майка же футболка кийип, мойнуна темгил-ала упузун моюн орогуч салынып, капкара кылып боелгон чачтары бетинин жарымын жапкан жаштар алдыңыздан чыгып калса чочубаңыз, бул-ЭМО-СТИЛЬ деп аталган жаштардын Батыш өлкөлөрүнө таандык жүрүм-турумунун Бишкекке да келгендеги кербези, анын эч кандай деле коркунучу жок, болгону өспүрүмдөр менен студенттердин жаңыча стили деп жар салды.

Кыргызстандын медицинасы эми бир колдонуп туруп ыргытып жибере турган ийнелерди сатып алганы калды, сыягы таза кол менен күрөшүүнүн мындан бөлөк жолу калбаса керек деп жазган «Комомольская правда Кыргызстан» гезити Ноокаттагы СПИД чуусуна кайрадан кайрылып, 2005-жылдын октябры менен декабрында так ошол райондун эки ооруканасынын башкы врачтары, санэпидкөзөмөл менен Ош облусундагы кан алуу борборунун жетекчилери министрлик тарабынан сөгүш алышканын, бирок канга сиңген кайдыгерлик кала берип, бүгүн минтип кызматтарынан кол жууп, иштери тергөө органдарына берилгенин баяндады. Эң эле опурталдуу жагдай деп белгилейт гезит, СПИД оорусу айрыкча көп катталган аймак түштүк аймагы болуп эсептелет. Мунун себеби, баңги заттарын алып өтчү аткезчилердин жолу ушул аймакта. ВИЧ инфекциясы катталган кыргызстандык 1123 кишинин жарымы түштүктө жашаса анын 56сы СПИД оорусу менен ооругандар деп маалымдады.

Мындан 10 жылдай мурда улам бир имараттан экинчисине көчүп-конуп жүрүп, акыры көчөдө калган, көчөдө калып эле тим болбой, эки-үчкө бөлүнүп кеткен жазуучу журту кайрадан бир союзга биригип, айтылуу эл акыны Омор Султанов өңдүү төргасына ээ болуп, эми жакында эзелки тарыхый имаратын кайтарып алганын, президенттин админстрациясы жазуучулар уюмуна жаза турган үстөлүнөн бери сатып бергенин 2-саны жарыкка чыккан «Кыргыз адабияты» гезити аркылуу сүйүнчүлөдү. Баягы «Кыргызстан маданияты» соолуп калып, адабий-маданий жаңылыктарга чаңкап калган окурмандар үчүн жазуучулардын бул гезити табылгыс дары болорун айта кетели. «Кыргыз адабияты» гезитиндеги майдаларын санакка салбаганда да белгилүү жазуучу Сактанов Көчкөндүн Александр Македонскийдин өмүр жолун баяндаган «Искендер Зулкарнайн», таланттуу кара сөз чебери Мадылбай Турусбектин ушул жылы эларалык «Русская премия» сыйлыгына татыган «Күкүнүс» романдарынан үзүндү басууда. Баса айта кетели, «Кыргыз адабияты» гезитинин башкы редактору Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз эл акыны Омор Султанов.
XS
SM
MD
LG