Азия кубогуна катышкан 12 командасынын ортосундагы таймашуулар соңуна чыкты. Бул күч сынашууга катышкан Ирак өз тобунда Ливан, Түндүк Корея жана Австралияны утуп, жарым финалда Түштүк Корея менен беттешкен.
25-июлдагы таймашууда Ирактын футболчулары Түштүк Кореялык атаандаштарын жеңип, баш байгеге талапкер болгон. Багдадда миңдеген футбол күйөрмандары бул кубанычтуу окуяны майрамдап жатканда террордук акты болуп, жанкечти бомба жардырып, 50 чакты адам каза тапкан эле.
Ушундай каргашалуу окуядан кийин кечээ Багдадда футбол күйөрмандарынын коопсуздугун сактоо максатында унаалардын эркин жүрүшүнө чектөө киргизилди.
Жакартадагы баш байге үчүн таймашууда Ирак Сауд Арабстанды 1-0 эсебинде утуп алып, футбол дүйнөсүндө сенсация жаратты. Бул Ирактын футбол боюнча Азия кубогун биринчи ирет утуп алышы.
Кыргызстандык футбол күйөрмандары дагы ирактык футболчулардын жеңишин кубаттап, бул мекенин сүйүп, даңазалоонун үлгүсү дешүүдө.
Кыргызстандын футзал ассоциациясынын вице- президенти Медет Букуевдин пикиринде футбол күйөрмандары саударабиялыктар жеңээрин божомолдоп, аларга ишеним артып турушкан. Топ томолок дегендей, бул ирээт ирактыктар чыныгы каармандыкты, футболдук чеберчиликти көрсөтүп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.
-Кыргызстандын футболун чыныгы адистер башкарып, өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлсө, 3-4 жылда Азиянын алдыңкы сабына кошууга болмок,- дейт Медет Букуев.
Кыргызстандын 16 жашка чейинки уландар командасы Ысыккөлдө машыгуусун өткөруп келди. Себеби алар октябрь айында Катардын Доха шаарында өтө турган Азиянын биринчилигинде Кыргызстандын намысын коргойт. Өлкөнүн уландар тандалма командасынын башкы устаты Токтогон Элтиновдун айтымында Ирактын футболчуларынын Азия кубогун утуп алышы жаш өспүрүмдөрдүн жан-дүйнөсүнө ишеним отун жандырды.
- Кечээ Ирактын футбол командасы өз тарыхында алгачкы ирет Азиянын кубогун жеңип алды. Индонезиянын борбор шаары Жакартада өткөрүлгөн финалдык мелдеште ирактык оюнчулар Сауд Арабстандан келген атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип, Азия аймагында футболдун денгээли өсүп баратканын далилдеп койду. Ушунчалык кыйынчылыкты баштан кечиип жаткан өлкөнүн духун, зоболосун көтөрүп, ирактыктар биздей кембагал мамлекеттерге үлгү болду. Футболдун мекени - Англия деп жүрсөк, тарыхый табылгалар, фактылар футбол оюну Индияда жаралганын таксыктап жатат. Ошондуктан футболдун келечеги Азияда.
Азия кубогунун коло байгеси үчүн Түштүк Корея менен Жапон өлкөлөрүнүн футболчулары беттешип, негизги жана кошумча убакыттарда эсеп ачылбай, акыры 11 метрден кезектешип топ тебишти.
Натыйжада 6:5 эсебинде түштүк кореялыктар утушка ээ болушту. Бул Азия кубогуна Борбор Азиядан Өзбекстандын футболчулары катышканы менен ийгилик жарата алышпады.