Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

КАЛЫБЕК ТАЙТЕКЕЕВГЕ СОТ ӨКҮМҮ ШАРШЕМБИДЕ УГУЗУЛАТ


МТРКнын “Кабар” маалымат редакциясынын мурдагы жетекчиси Калыбек Тайтекеевге мамлекеттик мүлктү ыйгарып алды деген айып тагылды. Анын негизинде жүрүп жаткан сот жараяны аяктоо алдында турат. Сот өкүмү шаршемби күнү угузулаары күтүлүүдө. Айыпталуучу коюлуп жаткан күнөөнү саясый заказ катары баалап жатат.

МТРКнын “Кабар” маалымат редакциясынын мурдагы жетекчиси Калыбек Тайтекеевге Кылмыш кодексинин 171–беренесинин 3-пунктунун 2,3 бөлүмү боюнча башкача айтканда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу деген айып менен кылмыш иши козголгон. Эки тараптын пикирин, жүйөөсүн Ленин райондук соту териштирип, өкүмүн шаршемби күнү угузмак болду. Бул тууралуу сот кечээки отурумунда жарыялады. Бул күнкү сот отурумуна айрым укук коргоочулар, журналисттер байкоочу катары катышты. Жогоруда айтылгандай айыпталуучуга үч эселенген айып же эң аз айлык акынын жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып төлөм тагылып же 5 жылга чейинки мөөнөткө күчөтүлгөн режимде эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Калыбек Тайтекеев кыргызрадиосунун “Кабар” маалымат редакциясынын башкы редактору болуп иштеп турганда үнжазгыч аппараттарды жок кылган делип, МТРКнын жетекчилиги тарабынан сотко доо арыз жолдонгон.

МТРКнын жетекчиси Кыяс Молдокасымовдун айтымында Калыбек Тайтeкеев 35 миң сомдук радио жабдууларын өзүнө ыйгарып алган. Ал ошондуктан 2006- жылдын октябрында кызматынан бошотулган.

Айыпталуучу Калыбек Тайтeкеевдин адвокаты Өзбек Соотбаевдин пикиринде 20- 30 жыл болгон радио шаймандардын иштөө, колдонуу мөөнөтү эбак бүткөн. Алардын ошол учурдагы баасы эске алынган. Алар учурда эскилиги жетип, өндүрүштө колдонуудан алынып салынган. Ошого карабай Калыбек Тайтeкеевдин мойнуна илинип, мамлекеттик айыптоочу 5 жылга катуу режимде эркинен ажыратууну соттон суранып жатат.

Айыпталуучу Калыбек Тайтeкеев болсо ага каршы коюлуп жаткан доонун бардыгы саясый себеп менен байланыштырууда. Анын айтымында КТРда иштеп турганда жетекчилик оппозицияны жамандоону талап кылышкан.

Калыбек Тайтакеевдин мындай көз карашын МТРКнын жетекчиси Кыяс Молдокасымов төгүндөдү:

-Калыбек Тайтeкеевге кылмыш иши радиодо иштеп турган учурдагы материалдык жоопкерчилиги боюнча гана козголгон. Анын кийинки саясый ишмердиги бизди кызыктырбайт. Муну саясатка байланыштырууга негиз жок,- деди Кыяз Молдокасымов.

Калыбек Тайтeкеев “Реформа үчүн” кыймылдын ноябрь айындагы, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун апрель айындагы митингдерине активдүү катышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG