Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

ТҮРКИЯ: СЕКУЛЯРДЫК КҮЧТӨР МЕНЕН ИСЛАМЧЫЛАР ПАРЛАМЕНТ ҮЧҮН КАРМАШТА


Хаким Өзгөн, Стамбул Калкынын саны 73 миллиондон ашкан Түркия Жумуруиятынын 84 жылдык тарыхындагы маанилүү бурулуштардын бири болуп калары болжонгон бүгүнкү шайлоолор, Түркия көп партиялуу системага өткөндөн берки он алтынчы жалпы шайлоо. 7 394 талапкер парламенттеги 550 орун үчүн күч сынашат. Саясатта динди негиз кармаган башкаруудагы Адилет жана өнүгүү партиясын жактаган катмар менен Ататүрктүн лайыктык жана секуляризм осуятын бекем кармаган катмары, күрд саясатчылары жана кийинки айларда кыйла күчтөнгөн улутчулдар, мамлекеттин алдыдагы беш жылдагы, а мүмкүн кийинки ондогон жылдарынын тагдырын чече турган жарышка чыгышты.

Батыштын айрым бир серепчилери Түркиянын заманбап демократиялуу мамлекет катары канчалык жетилип-өскөнүнүн сыноосу болору болжонгон шайлоо башталары менен өлкөдө шайлоонун өзгөчө кырдаалы жана бул аркылуу шайлоонун чектөөлөрү күчкө кирди.

Эртең мененки саат 07:00дөн кечки саат 21:00гө чейин өлкөдө алкоголдуу ичимдиктерди сатууга, мыйзам коргоо кызматкерлерден тышкары жарандардын кандай себеп менен болбосун курал алып жүрүүсүнө, медиа каражаттарында шайлоонун болжолдуу натыйжасы же жыйынтыгы тууралуу кандайдыр бир алдын-ала божомолдорду жасоого тыюу салынды. Чектөөлөр Жогорку шайлоо курумунун чечими менен саат 21:00дө же андан эртерээк алынып ташталышы да ыктымал.

Кийинки 4,5 жылдын аралыгында башкаруудагы өкмөт экономикалык, социалдык жана саясий тармактарда мурда болуп көрбөгөндөй реформаларды ишке ашырды. Экономикалык өнүгүүнүн темпи 11 пайызга көтөрүлүп, өлкөгө чет элдик ири инвестициялар келе баштады. Өлкөнүн кылмыш-жаза кодексине ири реформалар киргизилип, премьер-министр Тайип Эрдоган эгерде шайлоолордон кийин өз алдынча өкмөт кура албаган абалда, өлкөнүн башкы мыйзамын алмаштыра турганын жар салды. Бирок элдин күрт тегиндеги катмарына өкүлдүк кылган саясатчылардын кандайдыр бир партиянын тизмесинен эмес, шайлоо мыйзамындагы 10 пайыздык добуш алуу шартын тегеректеп алыш үчүн гана өз алдынча бей тарап талапкер катары ат салышып жаткан болушу мүмкүн жана жикчил топтордун террордук чабуулдарды арттыруусунан улам өлкөдө өрүш алып келаткан улутчул маанай, бул шайлоонун натыйжасы тууралуу так кесе айтууда айбыктырат. “Экономист” журналынын Стамбулдагы кабарчысы Амберин Заман айымдын “Азаттык” үналгысына билдиргени боюнча, бул шацлоодо исламчылар менен секуляристтик чөйрөлөрдүн эрегишүүсүнө кошумча күрт маселеси да актуалдуу темалардын бирине айланды:

- Күн сайын окко учкан аскерлердин кабары келип жатат. Түркиядагы жергиликтүү күрт улутчулдугу Ирактагы күрт улутчулдугу менен аралашып, эки жактын тең күрт маселеси чырмалышып калган абалда. Бул жагдай Түркияда улутчул маанайдагы Улутчул аракет партиясына добуш бере турган жаштардын ичинде сестенүүнү пайда кылууда.

Өкмөт канчалык ийгиликтүү саясат жүргүзүп келбесин Адилет жана өнүгүү партиясынын «тымызын» максаттары тууралуу көп айтылып, ошол себептүү өлкөдөгү секуляристтик чөйрөлөрдүн, анын ичинде күчтүү армиянын сестенүү сезимдери таркабады. Бул факт апрель айында президентти шайлоо жараянында дана байкалып, премьер-министр Тайип Эрдоган тарабынан президенттик орунга сунуш кылынган Тышкы иштер министри Абдуллах Гүл, конституциялык соттун жана армия жетекчилеринин кийлигишүүсүнөн улам шайлана албай калды. Евробиримдик менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрдүн башталышында чоң үлүшү болгон Абдуллах Гүлдүн кемчилиги – ал чөйрөлөрдүн пикиринде – аялынын «турбан» (мусулман аялдын бардык дене мүчөлөрүн жаап турган кийими) тагынуусу болгон.

XS
SM
MD
LG