Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

ООГАНСТАНДА 14 ЖАШТАГЫ ПАКИСТАНДЫК ТЕРРОРЧУ БОШОТУЛДУ


Айгүл Жунушалиева, Прага 15-июлда Ооганстанда 14 жаштагы пакистандык террорчу бошотулду. Рафигулла аттуу бул өспүрүм май айында белине жардыргыч байлап, Хост провинциясынын губернаторун жардырууну көздөп бара жаткан жеринен кармалган.

14 жаштагы Рафигулла Пакистанда медреседе окучу. Өспүрүмдүн өзүнүн айтымында май айында медресеге бейтааныш адамдар келип, ага жана анын эки досуна машине айдаганды үйрөтүп, жанкечтилер тууралуу видеостаманы көргөзүшкөн. Андан кийин өспүрүмдүн белине жардыргыч байлашып мотоциклге отургузушкан дагы, барып Хост провинциясынын губернаторун жардырасың деп жөнөтүшкөн.

- Мен жанкечти болуп өзүмдү да башка бирөөнү да өлтүрүүдөн корктум. Бирок Абдул Азиз деген талиб мени коркутуп, муну жасабасан сени азыр эле өлтүрүп таштайм деп айтты.

Ооган президенти Хамид Карзай Рафигулланын бошотулушу жөнүндөгү указга кол коюп, ал гана эмес үйүнө жетип алуусу үчүн 2000 доллар берди. Маалымат жыйынында өспүрүмдү жана анын атасын узатып жатып президент «Эми силер эркинсиңер, ооган эли силерди кечирди,» деп айтты:

- Бул өспүрүмдүн да, анын атасынын да катачылыгы эмес. Исламдын душмандары бул бала башка мусулмандардын тагдырын талкалоосун каалаган. Анын үй бүлөсү уулубууз медреседе исламды окуп үйрөнүп атат деп ойлошкон. Мен баланы кечирдим жана ага жакшы жашоо каалайм.

Ал эми президенттин резиденциясынан чыккан соң Рафигулла кыска гана

“Мени кечирип, бошотушкандарына өтө бактылуумун” деп айтты.

Президенттин бул кадамы ооган коомчулугунда бир топ кайчы пикирлерди жаратты. Мисалы атын атабаган парламент мүчөсү мындай дейт:

- Пакистанга баргандан кийин өспүрүм мен ооган бийлигин оңой эле алдап коюп баса бердим деп мактанат , жана баарыбир талиб бойдон калат.

Башка бир депутат Хамидулла Тукхи мындай дейт:
- Мени бул окуя абдан таң калтырды, баарынан да балага акча берлилгендиги кызык. Кылмышкерлерге акча берип аларды токтото алабызбы-, деп ийин куушурат

Ал эми айрымдар президенттин мындай чечимине эң бийик баа беришүүдө. Мисалы саясий серепчи Вахид Музда мындай дейт:

- Президент эң мыкты кадам жасады , пакистандыктар эркектерди жана жаш балдарды оогандыктардын жанын кыюга жиберип жатышат. Бирок Карзай ооган коомчулугу боорукер жана кечиримдүү экенин көргөздү.

Рафигулланын эркиндикке чыгышына Хост провинциясынын губернатору Арсалла Жамалдын салымы чоң . Эгерде полиция Рафигулланы убагында кармап калбаса дал ушул адамдын күлү көккө сапырылмак. Бирок Арсалла Жамал өспүрүмдү кечирди:

- Ал бала да. Мени өлтүрүү анын идеясы эмес. Ошон үчүн мен прездинтке Рафигулланы бошотуу керек деп айттым-, дейт ал.

XS
SM
MD
LG