Кытайларда “Тил – аялдын кылычы, ал аны дат бастырбайт” - деген макал бар, даниялыктар болсо “Деңиз какшып калса да, аялдардын кеп-келечи түгөнбөйт” дешет.
Аризона университетинин психология боюнча адиси Матиас Мел Science журналында жарык көргөн макаласында аялдар эркектерге караганда көп сүйлөшөт деген бекем ишеним кайдан пайда болгону ал үчүн табышмак экенин айтат.
Кеңсе же окуу классындагы талкууларда эркектер лидерлик кылаары белгилүү эмеспи. Мелдин изилдөөсүнө тартылган ыктыярлар 24 саат бою үн жаздырып турган жабдыкты тагынып жүрүштү. Изилдөө 1998-жылдан 2004-жылга чейин өткөрүлгөн. Натыйжада, эркектер менен аялдар орто эсеп менен алганда күнүнө бирдей сандагы, тактап айтканда, 16 миңдин айланасында сөз колдонгону анык болду.
Эң көп сүйлөөктөр ошол топтун 15 процентин түзсө, жарымы эркектер болуп чыкты.
Психолог аялдар көп сүйлөйт деген стереотип үй-бүлөөдөгү талаш-тартыш, чырлашуулардын негизинде пайда болгон деген тыянакка келет:
-Эркектер урушканда көп сүйлөшпөйт, аялдар болсо тескерисинче бир нерсени талап кылып эле, көп сүйлөгүсү келет.
Бирок бул теорияны илимий жактан бекемдөө зарыл.
Аялдар мода, эркектер менен мамилелер жөнүндө көп сүйлөшүшөт. Албетте, муну аялзаттан күтсө болот.
Ал эми эркектер спорт жана технологиялар жөнүндө кеп салганды жакшы көрүшөт. Мелдин изилдөөсүнө 17ден 29 жашка чейинки адамдар катышкан. Балким улуураак муундагылар алардан айырмаланат. Бирок окумуштуу бары бир аялдар менен эркектер кеп салганга келгенде айырмаланышпайт деген ишенимде.
Жогоруда сөз болгон Science журналынын дагы бир санында дүйнөдөгү мышыктардын бардыгы Жакынкы Чыгыштан тараган деп жазылат. Илимпоздордун тобу 1 миң мышыктын геномун (ген топтомун) иликтеп чыгып, алардын 90 процентинин түпкү тукуму байыркы Месопотамия, Египет жана Левантта жашаган деген тыянакка келишти. Дал ошол чөлкөм цивилизациянын бешиги болуп саналат.
Айыл-чарбасы менен алектенген адам баласы буудайды кампада сактай баштайт. Кампаларга кемирүүчүлөр топтолот, алар өз кезегинде мышыктарды тартышат. Дыйкандар мышыктарды куучу эмес, алар кемирүүчүлөр менен күрөшүүгө жардамдашчу.
Жаңы изилдөөнүн автору Карлос Дрискол анын тобу адамга мүнөздүү илдеттер тууралуу көбүрөөк билүүнү көздөйт дейт. Адам менен мышык 60тай бирдей тубаса ооруга чалдыгышат. Адамдан тышкары жалгыз мышык гана СПИД менен ооруйт экен.