Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

20:09 К. Исабеков: Жеке иштери менен алектенген элчилерден арылышыбыз керек


Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун АКШга болгон иш сапары маалында, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Замира Сыдыкова менен жолуга алган эмес. “Элчи баласынын мектепти аяктаганына байланыштуу кимдир бирөөлөргө тамак берип жүргөн экен. Кызмат убагында өзүнүн жеке иштерин бүтүрүп жүргөн элчилерден арылышыбыз керек. Эмне үчүн жолугушууга келген жоксуң деп сурасам, мени президент шайлаган дейт. Биз анда президенттин душманыбызбы? Бизди дагы эл шайлаган. Эмне үчүн элчи мигранттардын маселесине кызыкпайт, кыргыз студенттеринин иштери менен алектенбейт жана Кыргызстанга гранттарды тартуу маселесин ойлонбойт?”,-деди “Азаттыкка” Кубанычбек Исабеков. Анын айтымында, эки күндүн аралыгында бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине билдирүү таратып, элчилердин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселени сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда күн тартибине киргизет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG