Бирок Татарстандын эгемендүүлүгү бийликке Владимир Путин келгенден тартып чектелген. 2003-жылы б.а. губернаторлорду Кремль дайындоо адаты эреже болуп киргенден тартып Казанга мурда түзүлгөн келишимди оңдоп жазуу сунушталган. Анын мазмунун Путин менен Шаймиев былтыр жактырышкан, бирок аны нагыз бекитүү мыйзам чыгарчу органдардын колунда болгондуктан аны былтыр ылдыйкы палата 7-февралда карап депутаттардын 306 «макул» жана 110 «каршы» деген добушу менен бекиткен. Арадан эки апта өткөндө өйдөкү палата «өлкөнүн федералдык субъектеринин теңдештик ыраатын бузат деп» бекитпей койгон.
Ошондо күтүлбөгөн жерден Владимир Путин келишимди бекитүү талбы менен палаталарга кайра да кайрылган.
«Азаттыкка» берген маегинде Мамдуманын төрага орун басары Олег Морозов баш бийлик менен Татарстан ортосунда түзүлүп аткан келишим жердигине бир гана сүйлөм кошулду дейт. Ал сүйлөм:
«Федералдык борбор менен Татарстан ортосундагы укук Баш мыйзамдан сырткары федералдык мыйзам боюнча да чектелет деген сүйлөм», дейт.
Эмики кезек өйдөкү палатаныкы. Анализчилер болжолунда Кремлдин тилин алчу Мамдумада көптүк кылган «Бирдиктүү Орусия» фракциясы келишимди оңой-олтоң бекиткен. Жогорку палатанын да Кремлдин кебин угары маалым, бирок саясий шаани артыкчылык кылып баратса бир шылтоо таап «Адилет Орусия» партиясынын жаатташтары келишимди бекитпей коюшу деле мүмкүн дешет. Андай болушун бышыкташ үчүн быйылкы жылдын 9-февралында «Адилет Орусия» партиясынын лидери Сергей Мироновдун оң колу болуп эсептелген сенаттын мүчөсү Рафгат Алтынбаевдин: «Биз бир мамлекетте жашайбыз, ошондуктан эч кандай бөлүнүп-жарылуучулук болбоого тийиш»,- деген кебин эскеришет.
Саясий төбөл Геннадий Гудковдун баамында, эгерде Татарстанга карата федералдык борбордун укугун чектөө берилсе анда Чеченстан менен Башкортостан да андай укукту талап кылышат. Токсонунчу жылдары башында Ельциндин чакырыгынан улам өз эгемендүүлүгүн Грозный менен Уфа да талашкан.