Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

НОВОПАВЛОВКАДАГЫ МАССАЛЫК УУЛАНУУ ШИШКЕБЕКТЕН ЭМЕС, ЫСЫККӨЛ ТАМЫРЫНАН БОЛГОН


Новопавловка айылындагы массалык уулануу боюнча соттук-медициналык экспертиза өз жыйынтыгын чыгарды. Эксперттердин айтымында, ууланууга тооктон жасалган шишкебек эмес, элдик медицинада кеңири колдонулуп келген ысыккөл тамыры себеп болгон.

Ууланган Гафуровдордун үйүндөгү үстөлдүн үстүндөгү тамак-аштардын лабораториялык изилдөөлөрү көрсөткөндөй, азыктарда мышьяк, коргошун, нитрат сыяктуу заттар чектөөлүк өлчөмүнөн ашкан жок. Тооктун чийки этинде микробиологиялык жаман заттар табылган жок. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде, ууланууга шишкебек эмес, алколоид аконитин деп аталган күчтүү уулуу зат себеп болгон деген бүтүм чыгарылды.

Соттук-медицина экспертиза боюросунун жетекчиси Кубат Шадыбеков уулангандар ысыккөл тамырынан жасалган дарыны уксус менен алмаштырып алып, шишкебекке кошуп жеген деген тыянакка келүүдө:

-Экспертизанын жыйынтыгы көрсөтүп тургандай, ууланууга ысыккөл тамыры себеп болгон. Ысыккөл тамыры, же башкача айтканда алколоид аконитин ар кандай ооруларды айыктырууда колдонулат. Бул өсүмдүктүн тамырынан иче тургандай атайын дары жасашат. Аны бир тамчыдан ичишет. Көп ичкенге болбойт. Ошондуктан эч ким ичпесин деп, аны “уксус” деп жазып коюшат. Менин оюмча, алар уксус экен деп, ошол тамырдан жасалган дарыны шишкебекке сээп жешкен.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканы менен ички иштер министрлиги тергөө иштерин токтоткон жок. Аталган мекеменин басма-сөз кызматынын өкүлү Медет Иманакуновдун билдиргенине караганда, тергөө жергиликтүү гана эскперттердин чечими менен чектелбестен, Казакстандан чыга турган экспертизанын жыйынтыгын да күтүп жатат:

-Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул жерде үч адам өлүп жаткандыктан өтө кылдаттык менен тергөө жүргүзүшүбүз керек. Биздин эксперттердин жыйынтыгы мына жакында эле чыкты. Эми айрым азыктарды Казакстанга жиберип жатабыз, анткени биздин лабораторияларда ошондой экспертизаны жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок экен. Бардык анализдер чогулуп, даяр болмоюнча так эч нерсе айта албайбыз.

Ысыккөл тамыры Памирде, Алтайда өсөт. Ал илгертен бери элдик медицинада ар кандай ооруларды айыктырууда кеңири колдонулуп келатат. Бул өсүмдүктүн тамырында борбордук нерв системасын, дем-алуу жана жүрөк тамырларын жабырката турган күчтүү уулу зат бар. Бул зат менен ууланганда адамдын дене бою муздайт, алсыроо сезими пайда болот. Өлүм жүрөк жана дем-алуу органдары токтоп калгандан болот. Медицинада аконитин затынан жасалган препараттар ооруган жерди сыртынан гана сүйкөгөнгө колдонулат.

13-июнда орун алган бул окуя боюнча Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан «санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган» деген берене боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде Новопавловкадагы «Алмаз» кафеси жабылган болчу. Бирок уулануу шишкебектен эмес, башка уулу заттан болду деген чечим чыккан соң кафе кайра иштей баштады.

Санитар-эпидемиологдордун айтымында, үч адамдын өмүрүн алган бул окуядан кийин республикада сатылып жаткан азыктар, кафелерде санитардык абал катуу көзөмөлгө алына баштады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG