Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

12:55 Түштүк Кореяга кыргыз эмгек мигранттарын жөнөтүп турчу расмий борбор ачылды


Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу мамлекеттик комитеттин алдына ачылган бул маалыматтык-кеңеш берүүчү борбор аталган өлкөгө расмий жумушчу күч жөнөтө турган жалгыз орган. Талаптарга ылайык Түштүк Кореяга бул өлкөдөн мурда чыгарылбаган, Кыргызстандын сырт өлкөгө тоскоолдугу жок каттай алган 18-39 жаштагы кыргыз атуулдары барып иштей алат. Алар жумушка орношоор алдында корей тили боюнча экзамен тапшырат. Миграция жана калкты жумушка орноштуруу мамкомитеттин башчысы Айгүл Рыскулованын бүгүн маалымат жыйында билдиргенине караганда аталган өлкөгө темир иштетүү, айыл чарба жаатында, кайык курууда майлап-сырдоочу жумушчулар керек. Жакында эки өлкө ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык Кыргызстан ушул жылы Түштүк Кореяга эки миңге жакын адамды жөнөтө алат. (EBM)

XS
SM
MD
LG