Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

29-ИЮНДАГЫ ТАРЫХ ОКУЯЛАРЫ


1917-жылдын бу күнү Жетисуу областтык дыйкандар Советинин съезди ишин баштады. 1937-жылдын 29-июнунда «Советская Киргизия» гезитинде Г.Кулаковдун «Абдрахмановщина» аттуу макаласы жарык көргөн.

Жетисуу областтык дыйкандар Советинин съезди 1917-жылдын бу күнү ишин баштады.

РКП (б)нын Борбордук комитети 1920-жылдын 29-июнунда «Түркстан РКП (б)сынын негизги милдеттери» туурасында төрт токтом кабыл алды. Токтомдо падышалык бийлик убагында түзүлгөн теңсиздикти жоюп, орус көчкүндөрүнө адилетсиз тартылып берилген кыргыз, казактардын жерин кайра кайтаруу, жерсиз дыйкандарды жер менен камсыз кылуу жана кулак уюмдарын жоюп, алардын жергиликтүү бийликке тийгизген таасирин чектөө сыяктуу маанилүү маселелер каралган.

ВКП (б) Борбордук комитетинин Ортоазия бюросу 1931-жылдын 29-июнунда Кыргызстандан тышкаары чыгарыла турган эзүүчү тап өкүлдөрүнүн эки категориясын белгиленди. Партия көрсөтмөсүнө ылайык кулакка тартылчу адамдардын тизмеси такталып, ал ишти аткаруу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылган. Түзүлгөн тизме жогорку бийликке берилип, андан ары кулакка тартылган адамдардын тагдыры, айдалчу жери аныкталган.

Кыргыз АССРнын Борбордук аткаруу комитетинин президиумунда уюшулган Конституциялык комиссия 1936-жылдын 29-июнунда республиканын Негизги мыйзам долбоорун даярдаган. Конституциянын негизги бөлүктөрүн жазуу үчүн курамы 21 адамдан турган 5 комиссия топтору иштешип, алар өз убагында Негизги мыйзам долбоорун жазып бүткөрүшкөн. Кийин ал 1937-жылдын 12-мартында гезиттерге жарыяланып, коомчулук арасында талкуу башталган.

1937-жылдын март айында өткөн партия пленумунан кийин жалпы кыргыз элине каршы моралдык террор башталган. Бу убактагы Сталин, Молотов сыяктуу партия лидерлеринин контрреволюциачыл күчтөргө каршы жарыяланган макалары Кыргызстанда басылып, калк арасында идеологиялык «түшүндүрүү» иштери жүргүзүлө баштады. 1937-жылдын 29-июнунда «Советская Киргизия» гезитинде Г.Кулаковдун «Абдрахмановщина» аттуу макаласы жарык көрдү. Анда коммунисттик партия идеалдарына жат буржуазиялык элементтердин жайылышы, аларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү туурасында сөз жүргөн.

Бу күнү, 1900-жылы атактуу жазуучу Сент-Экзюпери жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG