19-апрелдеги окуяларга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө. Ошону менен катар Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук прокуратурасы Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылып, анда 11-апрелден 19-апрелге чейин созулган митинг учурунда кетирилген чыгымдарды «Бириккен фронттун» штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев жана Виталий Искаковдон төлөтүп берүүнү өтүнгөн. Жалпы чыгымдар 4 миллион сомдун тегерегинде бааланган. Биринчи май райондук соту 29-майда бул ишти карап, Башкы прокуратурада 19-апрелдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин тергөө аягына чыга электиктен бийлик өкүлдөрүнүн арызын канааттандырган эмес. Прокуратура жана Биринчи май акимчилиги райондук соттун мындай чечимин жокко чыгаруу максатында апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.
Шаардык сот 28-июнда ишти карады. Сотко «Бириккен фронттун» штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев келген жок. Анын кызыкчылыгын адвокат Татьяна Чильникина коргоду. Экинчи айыпталуучу Виталий Искаков өз адвокаты менен сотко катышты. Өмүрбек Субаналиев азыркы кезде Чолпоната шаарында жүргөнүн билдирди. Чильниканын сөзү боюнча, ал мындан маанилүүрөөк иштер менен алек болуп жатат. Айрым маалыматтар боюнча, Суваналиев Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну караштырып жүрөт.
Сотто алгач тараптарга сөз берилип, айыптоочу тарап Башкы прокуратура тергеп жаткан кылмыш иши менен сот карап жаткан административдик иш эки башка иш белгилеп, Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылды. Ал эми адвокат Чильникина буларга токтолду:
- Урматтуу соттук коллегиянын мүчөлөрү, биз прокуратуранын жүйөөлөрү менен макул эмеспиз. Кыска айтканда, алардын негизги жүйөөсү боюнча козголгон кылмыш иши менен доо арыздын бири-бири менен байланышы жок. Биздин пикир боюнча, бул терең жаңылыштык. Анткени козголгон кылмыш иштин алкагындагы тергөөнүн жүрүшүндө баш-аламандыктын чыгышына ким күнөөлүү,канчалык деңгээлде, доо арызда көрсөтүлгөн чыгымдарга кайсы адамдын тиешеси бар экендиги аныкталыш керек.
Чильникина Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну өтүндү. Виталий Искаков да ушундай негизде сөз сүйлөдү.
Тараптарды уккандан кийин сот кеңешүүгө тарап, көп өтпөй соттук коллегиянын төрайымы Ирина Гаршковская чечимди жарыялады:
- Жарандык иштер боюнча Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин 340 жана 341 беренелерин жетекчиликке алып, Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, Биринчи май райондук прокурордун жардамчысы Көчөрбаевдин аппеляциялык арызын канааттандырбоону чечти. Апелляция берген тарап Жогорку Сотко арыз берүүгө укуктуу.
Прокуратура өкүлдөрү чыгарылган чечимге карата пикир айтуудан баш тартышты. Ал эми адвокат Чильникина аны мындай баалады:
- Баары мыйзам чегинде, адилет жана акылга сыярлык болду.