Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30

КЫТАЙГА КАРАТА "ГЕНОЦИД ОЛИМПИАДАСЫ" ДЕГЕН КАМПАНИЯ ЭМНЕ ҮЧҮН БАШТАЛУУДА?


Келерки 2008-жылдагы жайкы Олимпиада Кытайда өтөт. Эл аралык турмуштун бул эң маанилүү спортук иш чарасы жакындаган сайын Кытайдын дарегине анын тышкы саясатына байланыштуу да сын көз караштар айтылып жатат. Алардын бири – Кытайдын Судан өкмөтүнө көргөзгөн колдоосуна байланыштуу.

Кытай Африканын араб өлкөлөрүнүн бири - Судандын ири инвестору катары эсептелинет. Өлкө президенти Ху Цзиньтао быйыл февралда ал жакка атүгүл мамлекеттик визит менен барган болчу. Судан соңку жылдары өз кезегинде эл аралык коомчулукка Дарфур провинциясындагы гуманитардык кризистен улам белгилүү. Бул жерде араб тектүү согушкерлер төрт жылдан бери кара түстүү калкты куугунтуктоосун улантууда. Соңку төрт жылдан ашуун убакыттан бери токтобой жаткан бул зордук-зомбулук аракеттери учурунда 200 миңден ашуун адам өмүрүнөн айрылды, дагы жүз миңдегендери качкын катары жер которууга аргасыз болду.

Эл аралык коомчулук Судан өкмөтү Дарфурдагы гуманитардык кризисти жөнгө салууга ниеттенген жок, атүгүл Дарфурдагы согушкерлерге колдоо көргөзүп жатат деп эсептейт. Ага каршы санкция киргизүү маселеси Улуттар уюмунда козголгондо Судандын коргоочусу катары Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Кытай чыгып жүрөт. Себеби эки өлкөнүн тыгыз соода-экономикалык мамилелери бар. Алсак өткөн айдын соңунда АКШ Суданга каршы жаңы санкцияларды жарыялап, ушундай эле кадамды БУУ да жасаш керектиги тууралу маселе көтөрүлгөндө Кытайдын Африка боюнча атайын өкүлү Лю Гуйцзинь буларды айтып чыккан:

-Эл аралык коомчулук кырдаалга байланыштуу эмне үчүн Судандагы тынчтык жараянына көбүрөөк убакыт бере албайт. Эмне үчүн биз көбүрөөк мүмкүнчүлүк бере албайбыз. Эмне үчүн сабырдуурак боло албайбыз.

Адам укугун коргоочу уюмдар Кытайды БУУнун эмбаргосун бузуп, Суданга курал сатканыүчүн айыптаган учурлар болгон. Ал эми азыр 2008-жылкы Олимпиаданын мөөнөтү жакындаган сайын расмий Пекиндин дарегине Судан боюнча саясатын өзгөртүү чакырыктары айтылууда. Ал чакырыктардын авторлору мындай болбогон шартта Олимпиаданын беделине шек кетерин эскертип жатышат.

Америкалык "Christian Science Monitor " басылмасынын жакында жазганына караганда, расмий Пекиндин асыресе президент Ху Цзиньтаонун дарегине Судан боюнча саясатты өзгөртүүгө чакырган каттар америкалык саясатчылар гана эмес, маданий жана спорт ишмерлери тарабынан да жөнөтүлгөн. Андай катты жазгандар арасында АКШ Конгрессинин 105 мүчөсү, Баскетбол боюнча улуттук ассоциациясы бар.

Ал эми Дарфурду сактоо коалициясына кирген активисттер тобу Кытайды уятка калтыруу боюнча кампания баштаган жатышат. Демилгечилердин башында америкалык белгилүү актриса Мия Фэрроу да турат. Ал Дарфурга барып келген соң быйыл мартта "Wall Street Journal" басылмасына жарыялаган макаласында Кытай 21-кылымдагы биринчи геноцидди каржылап жатканын жазып чыккан эле.

Айтор активисттер тобунун пландары боюнча "Геноцид Олимпиадасы" деген кампания учурунда Олимпиада оту геноцидди башынан өткөргөн мамлекеттер аркылуу алынып өтүлөт. Иш чара 8-августа Дарфур менен Чад мамлекетинин чек арасынан башталып, андан ары Руанда, Армения, Босния жана Германияга алынып келинмечи. Бул иш чарага тушташ Кытайдын дүйнө өлкөлөрүндөгү элчиликтери алдында нааразылык чаралары уюштурулат.

Кытай өз тарабынан мындай аракеттерди, Олимпиадалык оюндарды анын тышкы саясаты менен байланыштырып жаткандарды айыптады. Кытай тышкы иштер министрлигинин пикиринде, мындай көрүнүштөр Олимпиаданын духуна туура келбейт жана Олимпиаданы саналуу адамдар гана саясатташтырууда.

Ал эми Дарфурдагы кризис соңку ирээт 25-июнда Париждеги эл аралык конференцияда талкууланды. Ага 20дан ашуун өлкөнүн, анын ичинде АКШ менен Кытай тышкы иштер министрлери да катышты. Анда Дарфурга Улуттар уюму менен Африка союзуна кирген өлкөлөрдүн тынчтык орнотуу күчтөрүн жиберүү планына колдоо көргөзүлдү. Четтен келчи 20 миңден ашуун аскерлер менен полицейлерди кабыл алууга Судан өкмөтү июндун башында макулдук берген. Бирок Судан өкмөтү өз сөзүндө турарынан күмөн санагандар да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG