Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

АББАС МЕНЕН ОЛМЕРТ МИСИРДЕ ЖОЛУГУШТУ


Мисирдин Шарм аш-Шейх шаарында бүгүн Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт менен палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууга Египет президенти Хосни Мубарак менен Иорданиянын падышасы Абдалла II да катышты.

Газа тилкесин хамасчылар ээликтеп алганы израил-палестин жаңжалындагы тынчтык процессин алга жылдырганга жаңы мүмкүндүк ачты. Байкоочулар муну “тарыхтын тамашасы” атыктырып жатышат. ХАМАС контролдогон мурдагы өкмөттү таркатып, чукул кабинет түзгөн Махмуд Аббастын чечиминен соң Израил,АКШ, Евросоюз палестин автономиясына финансылык жана саясий колдоо көрсөтө баштады. Бүгүнкү жыйынга жөнөр алдында Эхуд Олмерт принциптүү көпчүлүк маселелерде Израил бекем позицияда каларын жана террорчулар менен эч качан мунасага барбай турганын бышыктады. Бирок ийкемдүүлүк талап кылынган учурда кеңпейил болгонго, жакшы саананын кырдаалын түзүү керек болгондо андай шарт түзгөнгө даяр экенин да ырастады.

Олмерттин кабинети салык жыйымдарынан топтолуп,бирок палестин өкмөтүнө хамасчылар келген соң катырым салынып ташталган 350 миллион доллар акчаны Аббастын администрациясына кайтарып берүүнү чечкен эле. Бу тууралуу маалымдап, Эхуддун басма сөз катчысы Мири Ейсин ушу чечимдин өзү эле чоң өзгөрүү экенин баса белгилеп көрсөттү.

Шарм аш-Шейхте тараптар Аббастын тарапкерлери контролдогон Иордандын батыш жээгинде карым-катнаш режимин жеңилдетүү, бул аймактагы палестин тургундарына Израилге өтүп иштеп,соода-сатык кылып келгенге мүмкүндүк берүү маселелерин талкуулашты. Аббастын кеңешчиси Яссер Абед Раббо жогорку деңгээлдеги бул саммиттин башкы максаты деп туюкка такалган абалдан чыгууда ири кадам жасоону жана тынчтык процессин кайра баштоону атады. Раббо фатхчылар жетектеген палестин өкмөтү корутунду келишимге жетишүү үчүн бардык талаштуу проблемалар боюнча Израил менен сүйлөшүүлөрдү улантканга даяр экенин кошумчалады.

Палестин автономиясы азыр иш жүзүндө экиге бөлүнүп калды. Газа тилкеси толугу менен хамасчылардын ээлигинде турат,Иордандын батыш жээгин Аббастын ФАТХ кыймылы контролдойт.Хамасчылар Газада өзүнчө өкмөт түзгүсү келбейт, фатхчылар менен биригип кайрадан улуттук кабинетке киргенге үмүт кылат. Бирок Аббас хамасчылар менен эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай турганын айткан.

Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессинин төрт сүрөөнчүсү – Улуттар Уюму, АКШ, Евросоюз жана Россия израил жана палестин тараптарын өз ара эртең,андан соң Арап мамлекеттер лигасынын өкүлдөрү менен бүрсүгүнү да жолуктуруп,жалпы жагдайды, тынчтык процессин туюктан чыгаруу келечегин талкуулаганы жатышат.

XS
SM
MD
LG