Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

ТЫҢЧЫЛЫК ОКУЯСЫНДА ЖОРОМОЛ КӨП, ЖООП АЗ


Тыңчылык кылды деген шек менен 19-июнда камакка алынган Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын ишин Коопсуздук кызматы жабык иликтөөдө. Ошол эле учурда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин алдында болгон бул окуя коомдук-саясий чөйрөдө түрдүү суроолорду, божомолдорду жаратууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бейрасмий булактарга таянып жазгандарына караганда, кытайлык тыңчыга маалымат берген жеринен кармалды деп эсептелген Жыпаргүл Арыковага Кылмыш Кодексинин «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген 292-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул беренеде мүлкүн алып, өзүн 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Буга чейин кызматтык сырды чет өлкөлүк жаранга берүүгө аракет кылды деген 302-берене боюнча кылмыш козголгондугу кабарланган болчу.
Коопсуздук кызматы мындай маалыматтарды төгүндөгөн да, тастыктаган да жери жок. Жогорку Кеңеш да өз кызматкерине байланыштуу расмий билдирүү менен чыга элек. Ага жараша Жыпаргүл Арыкованын камалышы Кытай, АКШ, Орусия өңдүү үлкөн мамлекеттердин кызыкчылыктарына байланыштырылган түкшүмөлдөр менен коштолууда. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Эркин Кайымовдун билдиргенине караганда, маселени Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков Коопсуздук кызматы менен эки тараптуу талкуулап жатат, бирок, кандайдыр бир расмий документ келе элек:
- Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан келип, анын жумушчу столун тинтүү болуп, аларга тийиштүү, керектүү документтерди, анын буюмдарын алып кетишкен. Ошол боюнча Улуттук Коппсуздук кызматы тарабынан аны кармагандыгы тууралуу, кылмыш иши козголгондугу тууралуу акт же же документ эч кандай келген жок. Болгону ошол кармоо фактысы менен гана турабыз да азыр.
Тыңчылыкка байланышкан окуя Шанхай Кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин алдында Кыргызстанды ыңгайсыз абалга тушуктурду. Мындай пикирин билдирген депутат Темир Сариевдин көз карашында бул иште жоопторго караганда, суроолор арбын болуп турат:
- Жакында Шанхай бирикмесинин саммити өтөт деп атат. Ошонун алдында Кытай атуулдары менен жолугуп, ошого маалымат берди деген бул дагы өзү опурталдуу нерсе да. Президент өзү айтып атат, эң катуу жардам көргөзүп аткан ушу Кытай мамлекети деп. Ошол эле убакта биз аларды шпионаж деп күнөөлөп атабыз. Биерде жоопко караганда суроолор абдан көп да. Эми тийиштүү органдар өздөрүнүн ишин кылыш керек. Анан Коопсуздук кеңеши да бул маселе боюнча сөзсүз түрдө билдирүү жасап коюшу керек болчу.
Темир Сариевдин көз карашында, бул окуя Кыргызстандын тышкы коопсуздугуна олуттуу маани берүү керектигин эскертти.
Саясий чөйрөдө Жыпаргүл Арыкова геосаясий кызыкчылыктардын курмандыгы болду деген көз караштар да айтылууда, каражатка болгон муктаждык да ушундай ишке түртүшү мүмкүн деген ойлор да бар. Ушундай көз карашты бөлүшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев бул окуя кандайдыр бир кызыкдар тараптардын чагымы да болушу мүмкүн дейт:
- Атайын уюштурулган саясий провокация да болушу мүмкүн, Шанхай кызматташтыгы жолугуп атпайбы бул жерде. Ар кандай да эми. Бул саясат деген татаал нерсе. Муну тек гана органдар аныктап, изилдеш керек. Бирок, ошо журналист кыз жакшы адвокат алышы керек да менин оюмча.
Жыпаргүл Арыкованын адвокаты катары маалымдалган Айжан Касымалиева өзү жактаган адам тууралуу билдирүү жасай элек. «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борбору өзү тараптан адвокат сунуштоо максатында кызматкердин жагдайын жаңыдан иликтөөгө киришти. Борбордун башчысы Төлөкан Исмаилованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, уюмду ириде Жыпаргүлдүн жеке тагдыры тынчсыздандырып жатат. Айыпталып жаткан жарандын алты жашар уулу, оорукчан апасы бар. Кесиптештеринин айтымында, Жыпаргүл Арыкова ишине жооптуу мамиле жасаган кесипкөй адис.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG