Палестин аймактарындагы ич ара уруштардын натыйжасында азыр Газа сектору исламчыл Хамас тобунун көзөмөлүндө. Ал эми президент Махмуд Аббастын Фатх кыймылына Иордандын Батыш жээги карайт. Өткөн аптада хамасчылар Газа секторунда бийликти Фатхтын күчтөрүнөн тартып алган соң Махмуд Аббас автономиянын өкмөтүн тараткан эле. Улуттук биримдик деп аталган өкмөт жогорудагы эки атаандаш кыймыл тарабынан мындан үч ай мурда эле түзүлгөн. Өкмөттү Хамастын өкүлү Исмаил Хания жетектечи.
Өкмөт таратылган соң Махмуд Аббас хамасчылар кирбеген жаңы байыстуу өкмөт курап, премьер-министрликке мурда Дүйнөлүк банкта иштеген жана автономиянын каржы министринин кызматын аркалаган Салам Фаядды дайындады. АКШ президенти Жорж Буш жөөт өкмөт башчысы менен жолугушуу алдындагы сөзүндө Махмуд Аббаска же Абу Мазенге колдоо көргөзүүсүнүн себебин мынайча чечмеледи. :
-Биз Палестин автономиясынын башчысы Абу Мазенди бүткүл палестин элинин президенти деп эсептейбиз. Ал президенттикке жалпы эл тарабынан шайланган. Биз биримдик өкмөтүн Хамас тобу талкалады деп эсептейбиз. Алар зордук –зомбулукту тандап алды. Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал алардын чечиминин натыйжасы.
Ал эми жөөт өкмөт башчысы Эхуд Ольмерт Израил менен жарнакташып, тынчтыкта жашаган палестин мамлекетин курууга жетишүү алдыдагы башкы максат экенин белгиледи:
-Биз палестин мамлекетин куруу боюнча кечиктирилгис сүйлөшүүлөргө негиз боло турган чараларды да макулдашуубуз керек. Менин досум, президент Буштун туруму ушундай. Мен бул көз карашты бөлүшөм. Биздин акыр аягындагы максатыбыз- палестин мамлекетин түзүү.
Ольмерттин айтымында, ал Аббас менен туруктуу жолугушууларын жандандырууга даяр. Бирок Израил менен тынчтыкта жашаган палестин мамлекетин куруу максатын Махмуд Аббас чөлкөмдө коопсуздукту чыңдап, автономия ичиндеги башкарууну жакшыртмайынча ишке ашыруу мүмкүн эмес. Хамастын көзөмөлүндө турган Газа секторунда 1,5 милиондой адам жашайт. Эхуд Ольмерт Израил өкмөтү бул жерде ансыз деле начар гуманитардык кырдаалга көзөмөл салып турарын да маалымдады:
-Биз Газанын гуманитардык муктаждыгына кылдат мамиле кылып келгенбиз жана бул багытта керектүү нерселер менен камсыздоону улантабыз. Израил Газда жапа чеккендерге кайдыгер карабайт.
Автономияда жаңы өкмөт куралган соң каржылык жардамды калыбынан келтирүү пландарын Еврошаркет менен АКШ да жарыялаган эле. Мындай жардам бир жыл мурда Хамас парламенттик шайлоодо жеңип, өкмөттү башкарып калган соң токтогон. Еврошаркет да, АКШ да Хамасты террорчул уюм деп эсептейт. Палестин бийлигин атынан чогултулган салыкты азыркы өкмөткө кайтарып берүү ниетин Израил да билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, 500 миллион доллардан ашкан ал акча мурда Хамас башкарган өкмөткө берилбей келген.