Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

“ШАЙТАНДЫН АЯТТАРЫНЫН” АВТОРУНА БРИТАНИЯ СЫЙЛЫК ЫЙГАРДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Түп теги индиялык мусулман жазуучу Салман Рушдини дүйнөдө көпчүлүк “Шайтандын аяттары” деген китептин автору катары билет. 1988-жылы жазылган китепти мусулмандардын басымдуу бөлүгү Аллага акаарат келтирүү катары таанып, убагында Ирандын руханий лидери Аятолла Хаменеи бул жазуучуну өлтүрүш үчүн атайын фатва да чыгарат. Өткөн ишембиде Британия Рушдиге адабиятка кошкон салымы үчүн “рыцардык” титулун ыйгарды.

Британ канышасы Елизабет туулган күнүндө бир топ адамдарга сыйлыктарды тапшырган. Алардын катарына бул жолу Рушди да кошулуп, Сэр Салман атыкты.

Анын эртеси эле Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рушдини “мусулман дүйнөсүндөгү эң жек көрүлгөн адам” деп атады жана ага бул өңдүү сыйлык берип, мактап жаткан Британияны ислам баалуулуктарын урматтабай жатканы үчүн айыптады.

Мухаммад Али Хуссейни муну айрым Батыш мамлекеттеринин атайылап жасаган кылыгы деп билет.

- Бул чыккынчыны мактап, ага сыйлык ыйгарышканы британ бийликтерин ислам коомчулугуна каршылаштырып коет, - деди Хуссейни.

Дүйшөмбү күнү болсо Пакистан парламенти да ошол айыптоолордун катарын улап: “Рушдиге сыйлыктын ыйгарылышы Мухаммад пайгамбарга карата жек көрүүчүлүктү дагы күчөтөт”, - деп билдирди, жана аны айыптаган резолюция кабыл алды.

Резолюцияда парламенттин төмөнкү палатасы: “Биз Британияны мусулмандардын сезимдердин жекирген бул өңдүү аракеттерден оолак болушун жана Рушдиге ыйгарылган “Рыцарь” деген титулду кайра кайтарып алышын талап кылабыз”, - деди.

Рушди өзү, башта айтылгандай, Мумбайда төрөлгөн. Анын алгачкы эмгегин эч ким деле билбейт, бирок 1981-жылы “Түнкү балдар” деген роман жазып, Британиядагы абройлуу Букер сыйлыгын алгандан кийин аны дүйнө тааный баштады окшойт.

Арадан жети жыл өтүп-өтпөй, жазуучу дагы бир жаңжалдуу китеби менен дүйнөнү айран таң калтырды. 1988-жылы Рушди “Шайтандын аяттары” деген китеп жазат. Ак менен каранын каршылыгы жана автордун өзүнүн философиялык ойлору келтирилген китепти мусулмандардын басымдуу бөлүгү заматта айыптап чыгат. Буга, балким, китептин аталышы да себеп болсо керек. Анткени мусулман дүйнөсүндө “аят” деген түшүнүк Куранга гана тиешелүү эмеспи, анан эми минтип, жазуучу китебин “Шайтандын аяттары” деп атап олтурганы көпчүлүк мусулмандардын жинин келтирбей коймок беле?

Аны айыптагандардын көбү китепте Рушди Мухаммад пайгамбарды, анын аялдары менен жакын санаалаштарын жамандаган өңдүү ойлорду айткан деп, жек көрүшөт.

Иранда болсо Аятолла Хоменеи атайын фатва, же диний буйрук чыгарып, исламды мазактаганы үчүн Рушдини өлүмгө өкүм кылат. Ошондуктан жазуучу бир топ жыл Британияда өкмөттүн коргоосу астында жашырынып жүрдү.

Бир нече жыл мурда жазуучу диний лидерлер сөз эркиндигин кысмактоого аракет кылып жатышканы жөнүндө мындай деген эле.

- Зордук-зобунду улам күчөтүп, алгач басмырлоо, жаман атты кылып кемсинтүү жана китепти башкача таржымалоо менен башталган аракеттер азыр жетээр чегине жетти окшойт. Ачыгын айтканда, мен мындан да сынчыл китепти жазсам болмок экен деп ойлоп калдым. Айтайын дегеним, диний лидерлер өздөрү ушул өңдүү аракеттерге барып туруп, анан динди сын деген нерседен такыр эле алыс болушу керек деп жатышканы акылбага сыйбаган көрүнүш болду. Андыктан азырынча ислам фундаментализми кичинекей сынды да кабылдабай жаткандай, - деген эле “Шайтандын аяттары” китебинин автору Салман Рушди.

1998-жылы Иран жазуучуга каршы багытталган ал фатваны жокко чыгарат. Ошондон тарта Рушди дагы кайра эл алдына чыгып, жүзүн көрсөтүп калды. Өткөн ишембиде сыйлык алып жатып, 59 жаштагы сэр Рушди: “Мен аябай толкунданып турам жана менин эмгегим ушундай таризде белгиленип жатканына чексиз ыраазымын”, - деп айтты.
XS
SM
MD
LG