Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

ЖОРЖ БУШ: КОММУНИЗМ 100 МИЛЛИОН АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН


Кечээ Вашингтондо коммунизмдин курмандыктарына арналган эстелик ачылды. Салтанатта сөз сүйлөп, АКШ президенти Жорж Буш эстеликтин ачылышын тарыхый окуя деп атады жана жалпы дүйнөдө жүз миллион ашуун адам коммунисттик режимдердин курмандыгы болгонун белгиледи.

Вашингтондо буга чейин мындай эстелик болгон эмес.Анын ачылышына Чехия менен Венгриядан парламент мүчөлөрүнөн куралган делегация,чет элдик элчилер, ошондой эле коммунисттик репрессиядан азар тарткан адамдар катышты.

Салтанатка келгендерди куттуктап,президент Буш коммунизмдин курмандыктарын так эсептеп чыгуу мүмкүн эместигин айтты. Болжолдуу санактар эле жүз миллиондон ашат. Кытайда жана Советтер Союзунда анын курмандыктары ашкере көп болгон. Мындан тышкары Түндүк Кореяда, Камбожада, Африкада,Ооганстан менен Вьетнамда, Чыгыш Европада жана жер шарынын башка бөлүктөрүндө миллиондогон бейжазык эркектер, аялдар менен балдар апаттуу бул идеологиянын урматы үчүн курмандыкка тартылган,деп көрсөттү Буш.

Буш швед дипломаты Раул Валленбергдин тагдырын мисалга тартты. Валленберг нацисттердин кыргынынан жүз миңдей еврейди сактап калган. Кийин Сталиндин тапшырмасы менен түрмөгө салынып,ошо бойдон ың-жыңсыз болуп кеткен.

Коммунизмдин бейкүнөө курмандыктарынын арасында Буш Сталиндин тушунда ачарчылыктан өлгөн украиналыктарды,репрессиядан кырылган орустарды,барса келгис лагерлерге айдалган латыштар менен литвалыктарды,эстондорду атап өттү.Кытайдагы “маданий революция” маалында,Камбожадагы Пол Поттун режими тушунда кыргын тапкандарды, Берлин дубалы аркылуу Батышка качып өткүсү келип,окко учкан Чыгыш Германиянын жарандарын,Катын токоюнда массалык түрдө атылган поляктарды, Эфиопиядагы,Никарагуадагы жана Кубадагы курман болгондорду эске салды.

Буш коммунизмди терроризмге салыштырды.”Террорчулар менен радикалдар да коммунисттердей эле апаатчыл идеологияга ишенишет,эркиндикти жек көрөт,ой-пикири бөлөктөрдү төбөдөн басып,жанчып турат, - деп айтты Буш. - Коммунисттердей эле азыркы террорчулар да радикалдуу идеялар үчүн бейжазык адамдарды курмандыкка тартса болот деп эсептешет”. Бирок “коммунизмдей эле зордукчул ислам радикализми да таш-талкан болот”,- деп белгиледи Буш.

XS
SM
MD
LG