Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

ДАНИЯР НАРЫНБАЕВ: ЭМИ УТРК БИЙЛИКТИН КӨЗҮН КАРАБАЙ КАЛАТ


Белгилүү юрис Дания Нарынбаев УТРКнын байкоочу кеңешин түзүүдөгү айрым маселелер тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Ушул маалда Улуттук телерадио компаниянын байкоочу кеңеши түзүлүп жатат. Буга чейин байкоочу кеңешке бийлик өз кишилерин алып келүүгө аракеттенүүдө деген сын-пикирлер айтылып келди. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү асыресе убакыттын тардыгын белгилеп жатышат. Ушундай олуттуу кеңеш түзүлүп жаткандан кийин чындап эле көбүрөөк убакыт берсе болбойт беле? 4-майда конкурс жарыяланса, документтерди кабыл алуу 14-майда эле аяктады?

- Чындап эле өтө кыскараак мөөнөт болуп калды окшойт. Бирок, бир нерсени эске алалы, бул мыйзам кол коюлуп ишке ашылышы абдан маанилүү нерсе. Ошондуктан анча-мынча шашып кеткен учур болуп кетти окшойт. Бирок, мен ойлойм, жалпысынан алганда бул абдан чоң маанилүү кадам болуп атат. Бизде көп эле жакшы мыйзамдар иштебей атпайбы, же болбосо иштей баштаганда туура эмес жагынан иштелип кетип атат. Балким бул мыйзамга да тиешелүүдүр. Башында иштей баштаганда туура эмес колдонулуп, же айрым учурларда башка жол менен кетип калышы мүмкүн. Бирок, бул коомчулук үчүн абдан чоң утуш, бийлик үчүн чоң утулуш деп эсептейм. Жалпы эл үчүн бул абдан жакшы маанилүү кадам болду.

- Юридикалык жактан алганда кандай ыйгарымдарга ээ болушат ушул кеңештин мүчөлөрү?

- Эң негизгиси бул кеңештин мүчөлөрү телерадио корпорациянын башчысын тандап, дайындайт. Анын кызматын, кылган иштерин көзөмөлдөйт. Бул эмнени билгизет, бул мурдагыдай өкмөткө, президентке баш ийбеген көз каранды эмес адам болот. Бул мамлекеттик бийликке гана ийилбей, коомчулуктун ушул кеңештин ичине кирген өкүлдөрүнө гана баш ийип берет. Демек биздин телерадио корпорациясынын кийинки саясаты коомчулуктун кызыкчылыгын көздөйт дегенди билдирет.

- Ушул Улуттук телерадио компаниянын эркин иштеп кетишине ынанасызбы? Каражат өкмөт бөлгөндөн кийин экономикалык көз карандысыздыгы жок болуп калат да барыбир?

- Биз бюджетти туура түшүнүшүбүз керек. Биринчиден, бюджетти жылына бир жолу Жогорку Кеңеш бекитет. Өкмөт каалайбы, каалабайбы бары бир бул тармакка арналган акчаларды бекитип берет дагы, көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүштүрүп берүүгө милдеттүү болот. Сөзсүз түрдө анча-мынча майда-чүйдө бийлиги калат деңизчи. Бирок бара-бара жүрүп отуруп ушул кеңеш дагы аракет кылып, эгер бийлик тараптан басым көрсөтүлүп атса, ачыкка чыгат, ошол эле теледен көрсөтүлөт. Ошон үчүн жүрүп отуруп бийлик дагы түшүнөт деп ойлойм. Биздин телевидениебиз көз каранды болуп калды, бул факт. Бирөөгө жагабы-жакпайбы коомчулукка абдан маанилүү чоң кадам болду десек болот.

- Азыр эле биздин эфирден бир берүү кетти, мазактоо жана жалаа жабуу беренелери Кыргызстандын кылмыш кодексинин жаңы редакциясынан алынып салынган жок деген шектенүүлөр пайда болуп жатат. Ушул беренелерди калтырууга ким кызыкдар?

- Бул жерден мен ойлойм биз демократияга умтулуп, максат кылып алдыбызга койгондон кийин туура эле баратабыз. Бирок айрым учурда шашып кеткен учурлар болуп атат. Бул мыйзам дагы туура. Биринчиден, көпчүлүк учурда биздин журналисттерге каршы колдонгон беренелер бар эле да. Бирок ошол эле учурда биз бир нерсени эске алышыбыз керек, мына 2-3 жылдан кийин биздин депутаттардын шайлоосу болот Жогорку Кеңешке, анан президентибиздин шайлоосу болот. Ошондо мен ойлойм ушул таасирин берет болуш керек. Себеби саясий күчтөр айрым учурларда чоң кошелекторго баш ийип, ошолор менен чогуу саясат түзө баштаганда бул берененин жокко чыгарылышы терс жагын да көрсөтөт болуш керек. Азыр жалпы саясий маданиятыбыз жагынан кемчиликтерибиз көп.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG