Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

ӨЙДӨ ТАРТСА - ӨГҮЗ, ЫЛДЫЙ ТАРТСА - АРАБА


Эки жумалык талкуудан соң парламент мүчөлөрү Токтогул катарындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү 14-июнга калтырды. Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгын коргогон мыйзам долбоору депутаттар арасында кызуу талаш-тартышты жаратты. Өкмөт сунуш кылган экономикалык маселе Кыргызстанда буга чейин боло жүргөндөй саясий өң-түс алган талкууга айланып, анын чечилиши дагы артка жылдырылды.

Токтогул катарындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин өкмөт көтөрүп чыккан. Андан «Камбарата – 1 - 2» ГЭСтерин ажыратып алуу айла-амалын издеп жаткан аткаруу бийлиги эмнеликтен жаңы мыйзам долбооруна жогорку чыңалуудагы электр линиялары менен Бишкектеги жылуулук борборун кошуп койгондугу түшүнүксүз. Мына ушул жагдай, депутат Олег Журавлевдун ырасташынча, экономикалык проблеманын саясий өңүткө өтүп кетишине шарт түзүп берди.

- Биринчиден, өкмөт өзү ушундай форманы сунуш кылды. Өкмөттүн негиздемесинде экономика, экономикалык параметрлер, концепция тууралуу бир да сөз жок. Өз алдынча турганда деле кыйла татаал «Камбарата – 1-2» ГЭСтеринин курулушу, Бишкек жылуулук борбору бир мыйзамга бириктирилиптир.

Ансыз да өкмөт сунуш кылган экономикалык мыйзам долбоорлору парламентте өтөле узакка кармалып, «Камбарата – 1 –2» ГЭСтерине сырттан инвестиция тартуу мыйзам тоскоолунан улам токтотолуп жатканын айтып, президент К.Бакиев бул ишти алга жылдырууга керек болсо өзү деле катышарын ачыкка чыгарган. Бирок да мамлекет башчы өлкө үчүн өзгөчө маанилүү маселе - конституциялык реформа тууралуу ооз ачпай койгонуна нааразы болгон депутат Муратбек Мукашев жаңы мыйзамга каршы добуш бере тургандыгын билдирди.

- Конституциялык реформа кылабыз, деген сөздү айтабы дедим эле. Бирок, «мобу законду кабыл алып бересиңер», деди. Мен бул законго каршымын. Каршы добуш берем, ачык эле айтып коеюн.

Депутат Темир Сариев парламенттик делегация катарында коңшулаш Казакстанга иш сапары менен барган чагында Астанадан уккан кебин ортого салды. Анын айтуусунда, орусиялык «РАО ЕЭС», казакстандык «Казкуат» кошулуп, курулуштун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жумуштары башталып калыптыр.

- Министри келип бизге айтып жатат. «Камбарата – 1», «Камбарата –2» ГЭСтерин өзгөчө мыйзамдан чыгарып бергиле. Биз техника-экономикалык негиздемеге даярдык жасайбыз», деп. Мына өкмөттүн калпы чыгып калды.

Ага жооп кылып Кыргызстандын энергетика, өнөр жай, отун-суу ресурстары министри Игорь Чудинов азырынча техника-экономикалык негиздемеге даярдык жумуштары баштала электигин маалым кылды.

- Техника-экономикалык негиздемени даярдоо жумуштары боюнча эки документ бар. Биринчиси, орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиянын келишими. Мурдагы өкмөт башчы тарабынан Орусиянын “РАО ЕЭС” компаниясынын техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга катышуусу жөнүндө кол коюлган. Экинчи кол коюлган документ казак-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиянын Казакстан тараптан укук алган «Казкуат» компаниясынын техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга катышуусу тууралуу.

И.Чудиновдун ырасташынча, өкмөт аралык келишимдерде алдын-ала техника-экономикалык негиздеме түзүүгө убактылуу топ куруу жагы гана каралган. Ошол себептүү «Камбарата» ГЭС курулуштарынын техника-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн консорциум түзүлө элек.

Парламенттин отун-суу энергетика комплекси боюнча комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев талкууда аркыл кеп-сөздөр болгонун айтып, экономикалык маселеге саясий кызыкчылыктар да аралашып кеткенин белгиледи.

- Көпчүлүгүбүз чыгып алып бул жакта калп, жалган фактыларды айтып, кандайдыр бир өздөрүнүн саясий гана кызыкчылыгын көздөгөн адамдар болду.

Опсуз чоң талкууну жараткан жаңы мыйзам долбоорунун тагдыры бейшембиде чечиле турган болуп калды окшойт.

XS
SM
MD
LG