Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Жогорку Кеңеш бүгүн Камбарата ГЭСтеринин тагдырына байланышкан маселени кароону улантат


«Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамы» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун парламент эки жума мурда карап баштаган. Анда Камбарата ГЭСтеринен өзгөчө макамды алып салуу каралган. Эгер бул долбоор кабыл алынса аталган ГЭСтерди куруу үчүн Орусия, Казакстан жана Кыргызстан ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө жол ачылмакчы. Депутаттардын көпчүлүгү бул маселеде Камбарата ГЭСтеринин көзөмөл пакет акциясы Кыргызстанда болуп, ал 51 пайыздан кем болбошу керек деген талап коюшууда. Өткөн шейшембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев инвесторсуз иш бүтпөстүгүн, эгер азыр чечим кабыл алынбаса Камбарата ГЭСтери курулбай калышы мүмкүндүгүн белгилеген.(SM)

XS
SM
MD
LG