Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

12:14 Д. Сарыгулов: Менин коррупцияга эч кандай тиешем жок


31-майда “Коррупцияга каршы” элдик кыймылынын лидери Назарбек Нышанов коррупцияга баткан 154 аткаминер кызматынан бошотулсун жана жоопко тартылсын деген талаптар менен өкмөт үйүнүн маңдайында пикет уюштуруп, коррупционер дегендердин тизмесин жарыялаган. Ал тизмеде коомдук ишмер Дастан Сарыгулов дагы бар. “Бул тизме саясатташтырылган, же болбосо мени иним Аскар Сарыгулов менен алмаштырып алышса керек. Швейцариядагы алтын иши боюнча акыркы учурда инимдин аты көп чыгып калууда. Менин коррупцияга эч кандай тиешем жок. Мен 1999-жылдан бери куугунтукта жүрөм. Иним Аскар Сарыгуловдун тегерегинде “Гималай” ишине тиешеси бар, алтынды Швейцарияга алып кеткен” деген сөздөр жүрүп жатат. Назарбек Нышанов ушул имиштерге таянып айтты, же болбосо бир саясий топтун кызыкчылыгын көздөдү” деп билдирди Д. Сарыгулов бүгүн “Азаттыкка”. 8-июнда Н. Нышанов ири суммада уурдап, жок кылууларга баргандыгы үчүн издөөгө алынган деген негизде камакка алынган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG