Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

БАТЫШ МЕНЕН МАСКӨӨ ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕ ӨТӨ ТАТААЛ


Нарын АЙЫП, Прага Дүйнөдөгү эң өнүккөн сегиз мамлекеттин 7-июнда Алманиянын Хайлигендамм курортунда баштала турган саммиттинин катышуучулары 6-июнда чогулду жана бир нече эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Бийик жолугушуу алдында Орусия менен Батыш ортосундагы мамилелер болуп көрбөгөндөй чыңалды жана ал маанай бүткүл саммитке да таасирин тйигизиши мүмкүн.

Орусияны дүйнө коомчулугуна кошуп, аны эл аралык экономиканын ажырагыс бөлүгүнө айлантуу максаты менен өлкөнү 1998-жылы дүйнөдөгү эң өнүккөн жети мамлекет тобуна кошуу чечими ката болгону жөнүндө азыр Батышта көп айтыла баштады. Өзөктүк куралы бар жана экономикалык жактан Орусиядан кем эмес өнүгүп келаткан Кытай, мисал үчүн, ал уюмга кошула элек жана андай пландар да жок.

Акыркы апталарда Батышка каршы Маскөө көптөгөн күнөө айтты жана кээ бир эксперттердин пикиринде, айрым маселелерди жасалма түрдө ырбатууда. Саммитти кабыл алып жаткан немис канцлери Ангела Меркел негизги талкууну кедейчиликти жоюу же аба ырайынын ысып баратканы сыяктуу маселелерге бурууга аракеттенет, бирок байкоочулардын айтымында., Батыш менен Маскөө ортосунда чыккан курч маселелер бийик жолугушуу учурунда сөзсүз көтөрүлөт.

Алар - Косово аймагына эгемендүүлүк берүү, Чехия менен Польша аймагында америкалык антиракеталык системаларды орнотуу пландары, Европа мамлекеттерин мунай жана газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен байланыштуу. Айрым батыш эксперттеринин пикиринде, антиракеталык системаларды орнотуу планы Вашингтондун кезектеги катасы болушу мүмкүн, бирок Маскөө ага чектен чыккандай катуу жооп берүүдө.

Президент Владимир Путиндин айтымында, ал бир радар менен он ракета дүйнөдөгү жаңы аскерий тирешүүнү баштап жатат жана өзүн коргоо үчүн Маскөө бардык чараларга барат: "Эгер бул ракетадан коргонуу жаңы системасы Европада орнотулса, анда биз силерди бүгүн эскертиш керекпиз - биз ага жооп беребиз. Биз өз коопсуздугубузду камсыз кылууга тийишпиз жана бул ишти биз баштаган жокпуз", - дейт Путин.

АКШ жетекчилигинин айтымында, ал системалар - Иран же Түндүк Корея сыяктуу мамлекеттерден коргонуу үчүн керек жана андай коргонуу системасын түзүүгө Орусия өзү дагы катышса жакшы болмок: "Президент Путин менен жолугуп сүйлөшүүнү мен чыдамсыздык менен күтүп жатам. Азыркы саммит учурунда гана эмес, андан кийин ал Америкага келгенде дагы сүйлөшөбүз. Менин айтайын дегеним, Владимир - мен аны Владимир дейм - ракетадан коргонуу системасынан коркпош керек. Чындап келгенде, эмне үчүн андай система курууда биз биргелешип аракеттенсек болбойт? - деди АКШ президенти Жорж Буш саммит алдында. Путин июлда АКШга конокко чакырылган, Мэн штатындагы президент Буштун менчик үйүндө буга чейин бир дагы чет өлкөлүк жетекчи болгон эмес.

Айрым башка Батыш экеперттеринин пикиринде, америкалык демилгеге Маскөө өтө катуу каршы чыгып жатканы жакындап келаткан шайлоо менен байланыштуу - Путиндин ордун басууну көздөгөн талапкерлер антибатыштык маанайды пайдаланууга аракеттенүүдө. 1999-жылдагы шайлоодо жеңиш үчүн Путин өзү Чечен согушун пайдаланган.

XS
SM
MD
LG