Р.Гейтс Кыргызстандын коргоо министрлигинде министр Исмаил Исаков менен эки мамлекеттин аскердик кызматташтыгы жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдап, аны кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. Ал эки мамлекеттин аскердик кызматташтыгы жогорку деңгээлде деген пикирин билдирди. Гейтс кепти министр Исмаил Исаков менен эмнелерди талкууланагынан баштады.
- Биз жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде «Терроризмге каршы күрөштө»
Кыргызстандын башка дагы 42 мамлекет менен катар Ооганстандагы талиптерди жок кылып, өлкөдө туруктуулукту орнотууга кошуп жаткан салымын талкууладык. Бул эки тараптуу жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы аскерий кызматташуу жана мындан ары дагы бул кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолдук. Менин оюмча биз бул багытта кызматташуунун бир катар жаңы багыттарына ээ болдук. Ошондой эле аскерий эмес кызматташуунун түрлөрүн, анын ичинде соода жана бизнести өнүктүрүүнүн кеңири шарттары тууралуу баарлаштык.
Жолгушууда ошондой эле «Манастагы» коалициялык күчтөрдүн авиабазасына байланышкан маселелер талкууланууда. Аскер базасы тууралуу түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу жана базадагы чет элдик аскерлердин кол тийбестик укуктарын алып салуу сыяктуу маселелер коомчулук тарабынан коюлуп жаткандыгы жалпыга маалым. Бул багытта Пентагондун башчысы мындай деди:
- «Манас» аба майданындагы америкалык базанын жайгашуусу тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы келишим Кыргызстанда жайгашкан башка мамлекеттердин аскер күчтөрү менен түзүлгөн келишимдин шарттарына дал келет. Бул аскердик базанын ишмердүүлүгүнө байланыштуу келип чыккан суроолорду чечүү үчүн учурда биргелешкен комиссия иштеп жатат. «Манас» аба майданына америкалык аскердик аба күчтөрүн жайгаштуруу менен Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары гана эмес, дүйнөлүк коомчулук күрөшүп жаткан терроризмге каршы күрөшкө өз салымын кошуп келатат.
Ушул эле күнү Кыргыз Респеубликасынын президенти Курманбек Бакиев дагы Роберт Гейтс мырзаны кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, эки тарап тең коңшу Ооганстандагы абалдын дале болсо опураталдуу экендигине дүйнөлүк коомчулук тынчсызданып жатканын белгилешти.
К.Бакиев болсо Кыргызстан терроризмге каршы күрөшкө бараандуу салымын кошуп жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргыз президенти АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу өз ара түшүнүшүүнүн негизинде өз милдеттерин так аткара турган багытта жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.
Кошмо Штаттарынын коргоо министри ушул эле күнү «Манас» аба майданындагы авиабазага барып, ал жердин шарты менен таанышты. Бүгүн кечинде Роберт Гейтс Францияга – Парижге жөнөп кетет.