Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

А.ЭРКЕБАЕВ: КУЛОВ УТУРУМДУК КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ ҮЧҮН ӨЛКӨ ТАГДЫРЫНА ШЕК КЕЛТИРДИ


Бириккен фронт Россия менен конфедерация түзүү демилгесин көтөрүп чыкты. Биздин маектешибиз белгилүү саясий ишмер Абдаганы Эркебаев, Бириккен фронттун лидери Ф.Куловдун мындай билдирБириккен фронт Россия менен конфедерация түзүү демилгесин көтөрүп чыкты. Биздин маектешибиз белгилүү саясий ишмер Абдаганы Эркебаев.Бириккен фронт Россия менен конфедерация түзүү демилгесин көтөрүп чыкты. Биздин маектешибиз белгилүү саясий ишмер Абдыганы Эркебаев, Феликс Куловдун бул билдирүүсүнө карата өз ой-пикирин билдирди.

- Феликс Кулов бул демилгени кризистен чыгуунун жолу деп атады. Кыргызстан өз алдынча чыга албайбы кризистен?

- Мен Феликс Шаршенбаевичтин бул демилгеси менен таанышкам. Ал басма сөзгө бир нече интервью бербедиби. Ф.Куловдун бул маселе боюнча айткандары тарыхый жактан дагы, укуктук жактан да, эл аралык маани маңызы боюнча да туура эмес. Ал өзүнүн утурумдук саясий кызыкчылыктары үчүн өлкөнүн, элдин тагдырына дагы шек келтирген ой айтып атат. Мен эч колдобойм, кошула албайм. Ал эми Кыргызстандагы бүгүнкү акыбал жөнүндө айтсак, албетте абал өтө деле жакшы эмес, бирок биз таптакыр эле кырсыка кабылып, оор абалда калдык деп айтканга болбойт. Бардык өлкөлөрдө болуп аткандай эле процесстер жүрүп атат. Ал үчүн саясий күрөш да жүрүп жатат. Ушундай учурда өлкөнүн тагдырын ортого салган бул туура эмес. Биз ансыз деле Россия менен эгемендик жылдары эки тараптуу дагы, көп тараптуу дагы көптөгөн келишимдерибиз бар, анын ичинде түбөлүк достук жөнүндө бар. Россия менен ортобузда эч кандай кыйын маселелер жок. Менимче, биз бүгүнкү күндө колдо бар келишимдер менен эле Россия менен эң жакын өнөктөш, союздаш катары иш алып бара алабыз. Бул маселени мен ар кайсы тарабынан колдобойм. Жаңыдан гана эгемендикке жеткен Кыргыз мамлекети үчүн анын эч кандай кереги жок.

- Референдум өткөрүү үчүн 300 миң кол топтоо жарыяланды. Азыркы шартта ушунча кол топтоо канчалык реалдуу, башкача айтканда конфедерация идеясын колдой тургандар көппү Кыргызстанда?

- Мындай демилге биринчи жолу болуп аткан жок. Убагында мен Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда да ушундай айрым аракеттер болгон депутаттар тарабынан, биз көпчүлүгүбүз колдогон эмеспиз. Албетте мындай демилгени колдогондор жок эмес, бар. Алар көпчүлүктү түзөт деп айта албайбыз. Кантсе дагы элибиз өзүнүн эгемендигин сактап калууга тийиш. Мен эл алдына ачык, колдобоңуздар, мындай иш туура эмес, деп айтам. Мага окшогон да саясатчылар, мамлекеттин эгемендигин ойлогон кишилер көп.

- Анда эмне үчүн Ф.Кулов ушундай популярдуу эмес кадамга барып жатат. Мунун артында эмне турат?


- Мен түпкүрүндө бул кишини сыйлайм, пикирине дагы урмат менен мамиле жасайм. АӨткөндөгү уюштурган мөөнөтсүз митингиси ишке ойдогудай ашпай калгандан кийин анын саясий кадыр-баркы абдан төмөндөп кетти. Менимче ал ошол абалдан чыгыш үчүн аргасыз кадамга барып жатат окшойт. Бирок мунусу дагы келечектүү эмес, ага жакшы аброй алып келбейт.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG