Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

А.ЛУГОВОЙ: А.ЛИТВИНЕНКОНУН ӨЛҮМҮНӨ БРИТАН АТАЙЫН КЫЗМАТТАРЫ ЖООПТУУ


Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн, 31-майда, Москвада Андрей Луговой журналисттердин суроолоруна жооп берди. А.Луговой - британ прокуратурасы тарабынан Александр Литвиненконун өлүмү боюнча айыпталып жаткан орусиялык мурдагы тыңчы. Британия аны Лондонго өткөрүп берүүнү талап кылууда. Бүгүнкү маалымат жыйынында, Луговой Литвиненконун өлүмүнө британ жашыруун кызматтарын айыптады.

Александр Литвиненконун өлүмүнө тийиштиги бар болушу мүмкүн деп Британия тараптан айыпталып жаткан орусиялык ишкер Андрей Луговой Литвиненкону британиялык тыңчы болгон деп атап, аны же Британиянын жашыруун кызматтары, же Борис Березовский, же орус мафиясы өлтүргөн деген версияларын келтирди.

«Литвиненкону ким өлтүрбөсүн, мунун артында Британиянын МИ6 жашыруун кызматы турат», - деп белгиледи Луговой.

- Кандай болгон күндө да, Литвиненконун ууландырылышы Британиянын жашыруун кызматтарынын көзөмөлүсүз калбайт. Мындан мен эч шек санабайм.

Луговой бул тууралуу анда жетиштүү көлөмдө далилдери бар экенин айтты, бирок кайсыл далилдер жөнүндө сүйлөп жатканын тактаган жок.

Өткөн жумада Британия Андрей Луговойго Литвиненконун өлүмүнө тийиштиги бар болушу мүмкүн деп расмий түрдө айып таккан. Луговой – КГБнын мурдагы офицери – азыр жеке ишкердик менен алектенет. Луговой өзү болсо, Литвиненконун өлүмүнө эч кандай тийиштиги жок экенин айтат.

Британия Москвадан Луговойду Лондонго өткөрүп берүү тууралуу расмий билдирүү менен кайрылган. Бирок Орусия аны Британияга өткөрүп берүүдөн баш тартты.

Александр Литвиненко былтыр 23-ноябрда радиоактивдүү «Полоний 210» деген заттан ууланып өлгөн. Литвиненко өлөөр алдынан анын ууланышына орус президенти Владимир Путинди айыптаганга үлгүргөн. Бирок Кремль бул айыпты кескин четке какты.

Луговой Литвиненко менен ал өлөөр алдынан бир канча ирет Лондондо жолуккан. Москвадагы маалымат жыйынында Луговой Литвиненкону британ жашыруун кызматтарынына тыңчылык кылган деп билдирди. Ал Борис Березовскийди да МИ6 кызматына иштейт деди. Березовский Британиядан башпаанек алып, Лондондо жашайт.

Луговойдун божомолунда, Литвиненко британ кызматтары менен иштеше албай койгондо, алар Литвиненкону жок кылууну уюштурган болушу мүмкүн.

- Литвиненко мага МИ6 да анын мансаптуу тааныштары бар экенин айтып мактанганы британиялыктарга жакчу эмес. Алар Литвиненкону британ кызматтары менен иштешип, КГБнын буга чейинки агенттери Олег Гордиевский менен Олег Калугиндин жолун кайталап жатат, жана анын жолуна Березовский менен Закаев да түштү деп ойлошчу. Андыктан, Литвиненко атайын кызматтардын көзөмөлүнөн чыгып кеткени тууралуу ой жаралат. Аны ошон үчүн жок кылышкан, - деди Андрей Луговой.

Луговойдун айтымында, Британиянын жашыруун кызматтары орус президенти Владимир Путинге каршы тыңчылык кылууну анын өзүнө да сунушташкан.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги Луговойдун бул айыптоолорун кескин четке какты жана «Литвиненконун иши жашыруун кызматтар менен эч кандай байланышы жок, бул болгону – кылмыш» деп белгидели.

Луговойдун билдирүүлөрү ансыз деле бир топ солгундай түшкөн британ-орус мамилелерине дагы сокку ургандай болду.

XS
SM
MD
LG