Маалымат каражаттарынын жана анда иштеген журналисттердин жоопкерчилиги 21-кылымдагы коркунучтарга каршы аракеттердеги маалымат каражаттарынын ордуна арналган форумда башкы темага айланды. Серепчилердин баамында журналисттер чуулгандуу окуялардын артынан сая түшөбүз деп атып, өзүнүн коом алдындагы кесиптик милдетин унутуп коюп жатышат. Бул өз кезегинде коомдогу аң-сезимди калыптоого терс таасирин тийгизип, айрыкча терроризм, экстремизм, баңгизаттарды соодалоо маселесинде анын тутандырып жаткандардын чырагына май тамызууда.
Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун көз карашында мындай көрүнүш Кыргызстандагы маалымат каражаттарында айрыкча өнөкөткө айланып кетти:
- Жок дегенде кошуна мамлекеттердеги окуяларды алалы, кандай гана маскаралоо, мазактоо менен жазып атышат. Кудай берип салды го баарына. Жоопкерчилик деген түшүнүк таптакыр жок. Ойлойт массалык маалымат каражатынын өкүлү болсо: «мен айтканга укугум бар» дегендей кудай ургандай ооруга чалдыкты.
«Кабар» агенттигинин директору Надыр Момунов журналисттик кесиптин табияты башка, ошондуктан, кеп анын чуулгандуу окуяларды чагылдыруу же катып коюуда эмес, маселени башка өңүттө кароо керек дейт:
- Маселе башкада. Ал даярдаган продукция биринчиден, так болушу керек. экинчиден, ал даярдаган продукция кызыктуу болушу керек. Ушул эки критерий сакталса, андай сенсация өзүн өзү актайт. Бирок, сенсацияны сенсация үчүн жасабаш керек.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа болсо тигил же бул окуяны маалымат каражаты тарабынан тескелип таратылышын жактайт:
- Оң же терс маалыматты чынчыл чагылдыр. Ошондой болсо да иреттеп туруш керек. Бул акыйкат болот. Биз коомдо жашап жатабыз да. Бизде анархия эмес. Бизде мыйзам бар. Бизде оюндардын эрежелери бар. Эрежелерди аткаруу да, эң негизгиси ошого таянышы керек.
Ушундай көз караштардын жаралышын шарттаган Бишкектеги медиа форум өңдүү иш чаралар маалымат каражаттарынын, ириде Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын азыркы жагдайын оңдооруна ишенбегендердин бири жергиликтүү серепчи Алан Кубатиев. Анын баамында, маселенин пайда болушуна журналисттердин өз деңгээлин көтөрүүгө караманча көңүл бурбай жатышы себеп болууда:
- Мен Кыргыз республикасындагы маалымат каражаттарынын 75 пайызына мен начар деп баа берем. Жоготкон, маани бербей койгон учурлар өтө көп. Кесиптик деңгээл өтө төмөн. Аудиториянын алдындагы милдетти сезүү кескин төмөндөп кетти.
Коопсуздук маселелери боюнча Орусия академиясынын академиги, кесиби боюнча журналист Рустам Рахманалиев, тескерисинче, журналисттердин 95%ин ишине жоопкерчилик менен караган кесипкөйлөрдүн катарына кошот:
- Билесизби, журналисттерди сындагандар өз ишин жакшы билбегендер же таарынычы барлар. Эгер ишиңди мыкты аткарсаң, аны журналист ошондой чагылдырат. Экинчи жагынан сенин ишиңе сын, баа айтылышы керек да. Журналист болбосо аны ким жасайт.
Жыйырма биринчи кылымдын шартында байыртан жашап келаткан журналисттик кесипке сын тагып болбойт дейт академик.