Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

КӨЛДҮ САТ, ЫСТАКАНДАП!-БЫ?


Бу жалган дүйнөдө алтын менен байпагы манат болуп, байып кеткен бир дагы мамлекет болбогонун, маселен алтыны агылган Латын Америкасы менен Африка мамлекеттери да жыргап-куунап кетпегенин,анын тескерисинче алтын-малтыны жок эле Жапония дүркүрөп өсүп атканын, алтургай өзүлөрүн бүтдүйнө кожоюну сезген Европа менен Америка өзүлөрү алтын казбай, анын ордун бизге окшогон өлкөлөрдүн алтынын казып алып кетүү эсебинен казынасын толтуруп турарын сөз кылган «Агым» гезити кыргыз бийлиги өксүк комплекс деген өзөктүү дарттан айыкпай калганын, колунан келсе баарын сатууга даяр экенин, кечээ жакында эле өкмөт башчысы А.Атамбаев казактар менен кандаш-жандаш элбиз, 4 пансионатты берсек эмне болот эле дегенин, Д.Үсөнов кыргыздардан итбекер сатып алып казактарга асмандын башы менен соодалаган көлдүн «кесиндилери» көптүгүн, көлгө бүгүн биягы Орусия, тиягы Кытай кызыгып, улам четинен баса баштаганын, Керексизов президент Акаев экөө көлдүн чүйгүн жерине «Рух ордо» дегенин куруп туруп корейлерге сатканын, мындан бир жарым кылым мурда, «Балдар, көлдү сактагыла!» деп айткан олуя Калыгулдун осуятын уруп ойнобогон азыркы бийлик да Акаев бийлигинен ашып түшүп сатынып жатканын, ошондуктан аны сактап калуунун жалгыз жолу-Ысык-Көлдү Арсланбап сыяктуу мамлекеттик корукка айландыруу керектигин коңгуроо кылып какты.

Менчик бөлүштүрүү илдети кыргыз экономикасынын бардык тармактарында кабылдап кеткенин, ишкерлер өзүлөрү айткандай, аларды кайсы бир митинг же пикеттер коркутпай эле, кыргыз атка минерлеринин кабинеттериндеги мышык-чычкан оюндар коркутарын, мына ушундай оюндан омурткасы сынган Кант цемент-шифер заводу бүгүн Кыргызстандын колунан биротоло чыгып жок болгонун, обьект Кыргызстандын аймагында деп эсептелген менен иш жүзүндө башка өлкөгө баш ийерин, эгер мамлекет дагы эле ушул жол менен бара берсе дагы далайлаган эл байлыгы колдон колго өтүп жок болорун кейиш менен жазган «МСН» гезити өкмөт бир жагынан турзим, энергетика, байланыш, жол, кен тармактарына капитал топтоого инвестерлорду кел-берилеп кол булаглап атканы менен, бир жагынан чындап эле ыкласы түшүп келген ишкерлер менен кантип иштешүүнү билбей турат, деп баяндады.

«Кыргыз туусу» гезити бир эле справканын басы 10 миң сом болгонун, мисалы Ош жана Баткен облусттары боюнча финансы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Шерипбаев деген мырза, «соттолбогондугу жөнүндөгү» справка үчүн Өзгөндүк Гүлнара Термечиковадан 10 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөнүн, ошол эле күнү кылмыш иши козголуп, камакка алынганын, бирок эң кызыгы- кылмышкер деп кармалган Ж.Шерипбаев КР Башкы прокуратурасынын кылмыштуулукка көзөмөлдүк жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Абдыганы Шерипбаевдин үкаси болгондуктан акасинин жардамы менен үч сааттан кийин боштондукка чыгып баса бергенин, пара алган Жеңиш азыр кабагым-кашым дебей баягы эле ордунда иштеп олтурганын кабарлады.

«Эркин тоо» гезитине мейманга келген эл акыны Омор Султанов Бакиевге киргенин, президент улуттук жазуучулар кошунуна илгерки имаратын кайтарып бергенин, жакында көчүп киргени жатканын, акын-жазуучулардын чогулткан тыйын-тыпырына гезит чыгарганы калганын, андан да биягы Ташкен, тиягы Орусияга чейин байланышып Ысык-Көлгө Борбор Азия, Кавказ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн жазуучулары эс ала турган бир жай курсакпы деп сүйлөшүп, кубанып турганын сүйүнчүлөдү

«Кыргыз руху» гезити президент К.Бакиев өткөндө шаар башчысы Арстанбек Ногоевди эрчитип алып Ата Түрк паркын аралап чыкканын, эгер чындап эле өлкө башчысынын жакшы жөрөлгөлөрдү баштоого ниети чаба турган болсо, «бул чоңдордун үйү го» деп чоочун кишидей сүйлөгөн Ногоев ошол мыйзамды ой келгендей тепсеп туруп үй курган «чоңдор» менен мыйзам тилинде сүйлөшө алар бекен, ушул парктагы кылымдап өскөн кымбат дарактарды чырпыктай кырккандыгы үчүн кымындай айып төлөбөгөн чоңдор Кыргызстанда кайсыл мыйзамдар менен жашап жатканына жооп бере алар бекен, шаар башчысы Бакиевди сөзгө калтыргысы келбесе ушул беш кабат хан сарайларды түрттүрүп көрсүнчү, анан ишенели, деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG