Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

ОТУЗАДЫРДА ЭКИНЧИ АЙЛАМПА ШАЙЛОО БОЛДУ


Кубанычбек Жолдошов, Ош Отузадыр шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн экинчи айлампасы эки талапкердин жактоочуларынын ортосундагы араздашуулар жана тирешүүлөр менен коштолууда. Кашкаркыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Гагарин жана Новаи шайлоо участокторундагы тирешүүлөр чоң жаңжалга айланып кете жаздады.

Отузадыр шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн экинчи айлампасына чыгышкан талапкерлер Осмонаалы Аттокуровдун жана Раушан Сабировдун жактоочулары алгач Новаи, Гагарин шайлоо участокторунда эки жаат болуп чогулушуп, тирешүүгө чейин барышты. Жергиликтүү көз каранды эмес талдоочу Карабай Келсинбеков чырдашуунун негизин атайын уюштурулган чагымчылардын иш аракети түзгөндүгүн белгиледи:

- Эртең менен саат тогуздан онго чейин жергиликтүү аялдар эки тарап болуп чууну көтөруп жиберишти. Бардык нерсени уютурган алар болду. Эртең менен тынч эле болуп, шайлоо жакшы жүрүп жаткан. Аялдар чууну көтөрүп жиберишти, - дейт талдоочу Карабай Келсинбеков.

Эки тараптуу тирешүү курчуп бара жаткан учурда милиция кызматкерлери келишип, кырдаалды жөнгө салууга үлгүрүп калышты. Болуп өткөн окуяга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Урайым Ташиев мындайча баа берди:

- Жактоочулардын арасында анча-мынча тирешүү, бири-бирине сөз айтуу болот экен. Биз эми анча кийлигише албайбыз. Бирок, биз коомдук тартипти бузууга жол бербейбиз. Бизде күч жетишерлик. Менин оюмча шайлоо жакшынакай өтөт деп эсептейм, - дейт Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Урайым Ташиев.

Анткен менен жергиликтүү байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жакындаган сайын эки тараптын жактоочуларынын ортосундагы тирешүү курчуп кетүүсү мүмкүн экендигин эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG