Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫ БИШКЕКТЕ МИТИНГГЕ ЧЫГЫШЫП, ИСЛАМ КАРИМОВДУ АЙЫПТАШТЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бишкектеги Өзбекстандын элчилигинин жанында «Кылым шамы» бейөкмөт уюму, мындан туура эки жыл мурда болуп өткөн Анжиан трагедиясын эскерүү митингисин өткөрдү. Ага уюмдун мүчөлөрү, өзбек укук коргоочулары жана саясий качкындар катышты. Саясий акцияга катышкан өзбек атуулдары Анжиан окуясынын күнөөкөрлөрүн жазалоону, президент Ислам Каримовдун отставкасын талап кылышарын билдирди. Митингичилерге Өзбекстан элчилигинен бирөө жарым чыккан жок.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын пикиринде, Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү жазаланганда балким Анжиандагы кан төгүү болбой калат эле. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө дагы эле тоталитардык система өкүм сүргөндүгүнөн 2005-жылы 13-майда Анжиан трагедиясы келип чыгып, дагы эле ал окуяга дүйнө коомчулугу саясий баа берүү түгүл көңүл бурбай келет. Акция тууралуу Абдырасулова буларга токтолду:

- Биздин бүгүнкү өткөрүп жаткан саясий акциябыз дүйнө жүзүнүн бир дагы жеринде Анжиан окуясы кайталанбасын деген талап. Экинчиден дүйнө коомчулугуна кайрылып жатканыбыздын себеби, бул трагедияга катыштыгы бар күнөөлүү бийлик жетекчилери мыйзам алдында жазага тартылуулары керек. Анжиандагы кан төгүүгө жол бергендердин аты-жөнү анык болушу зарыл.

Бир жылдан бери Бишкекте саясий баш паанек кылып жүргөн жыйырма эки жаштагы атын айтпоону өтүнгөн өзбек жигит, Анжиан окуясынан кийин өзбек бийлиги куугунтугун күчөткөнүн билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын коопсуздук кызматы ага, президентти каралоого аракет кылган жана чекарадан курал-жарак алып өтүүгө аракеттенген «Хизб-ут-Тахрир» диний уюмунун мүчөсү делип айып тагып, түрмөгө камай турган болгондо өз мекенинен качып чыккан. Ал Анжиан окуясында өзбек аскерлеринен миңден ашуун бейкүнөө адам окко учкандыгын, буга өзбек бийлиги күнөөлүү экендигин, өзбек президенти Ислам Каримов отставкага кетүүсү керектигин белгиледи.

Бишкекте саясий башпаанек кылып жүргөн өзбек оппозиционери Токбай Абдыразаков болсо мезгил өтүп, өзбек бийлиги алмашылгандан кийин Анжиан трагедиясын тарых өз ордуна коет деген ишенимде.

- Лекин бул тарыхтан өчпөйт. Тирүү адамдарды аскерлердин куралы менен кырып ташташ тарыхка кара так салды. Кийинчерээк убакыт келгенде бардыгын тарых өз ордуна коет. Азырынча бийликтен коркуп көптөгөн күбө атуулдар өз оюн ачык айтуудан коркуп жатышат, -деди Токбай Абдыразаков.

2005-жылдын 13-майындагы Анжиан тополоңун диний «Акромий» уюму уюштуруп, алардын куралчан жигиттери Анжиандагы абакатагыларды бошотууга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияны басып алуу аракетинде кагылышуу болуп 187 адам мерт болгондугун Өзбекстандын расмий бийлиги айтып чыгышкан. Ал эми көз карандысыз байкоочулар, укук коргоочулар жана журналисттер өзбекстандын куралдуу күчтөрү тынч митинг өктөргөнөргө ок атып, андан миңден ашуун адам каза тапканын айтып келишүүдө.

«Анжиан трагедиясы кайталанбасын», «Анжиан окуясына кылмышкерлер мыйзам алдында жооп берсин», деген ураандарды жана гүлдестелерди көтөргөн эскерүү митингди өткөргөндөргө Кыргызстандагы Өзбек элчилигинен бирөө жарым чыккан жок. Бул саясий акцияга элчиликтен пикир алуу аракетибизден эч бир майнап болбоду. Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнүн отузга чукул кызматкери өзбек элчилигинин коопсуздугун камсыз кылып турушту. Митинг соңунда өзбек саясий качкыны Анжиан окуясында курман болгондордун арбагына арнап куран окуду.

XS
SM
MD
LG