Бишкек шаардык соттук-экспертизанын жетекчиси Кубат Шадыбеков маркум Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланыштуу гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы кечээ 10-майда чыкканын «Азаттыкка» билдирди.
- Кылмыш процессуалдык кодексинин 63-беренесинде «эксперт тыянагын жарыялабаганга милдеттүү» деп көрсөтүлгөн. Биз химиялык, гистологиялык экспертизанын жыйынтыгын бүтүрдүк.Аны бүгүн Нарындан текшерген Жолдош деген эксперт келет. Анан ал бизден жыйынтыгын алып кетет. Андан тергөөчү жыйынтыктын көчүрмөсүн алат.Ошондон кийин тергөөчүдөн тыянагын ачык билүүгө болот.
Ал ошондой эле Акуновдун жакын туугандары, алардын адвокаты тергөөчүдөн экспертизанын тыянагынын көчүрмөсүн ала ала тургандыктарын билдирди.
Ал эми Бектемир Акуновдун жыйырма-отузга чукул жакын туугандары бүгүн Нарын облустук администрациясынын жанында соттук-медициналык экспертизанын тыянагын ачык жарыялоону облустук, шаардык администрация жетекчилеринен жана укук коргоо кызматынан талап кылышып, митинг уюштурушту. Шаардык прокурордун орун басары укук коргоо кызматынан атайын өкүлдөр Бишкекке кетишкенин, экспертизанын тыянагын алып келишкенден кийин аларды тааныштырарын айткан соң митингдегилер тарашты. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин жанында Акуновдун уулу Урмат баш болгон Бишкектеги жакын туугандары да чогулушуп, медициналык-экспертизанын тыянагын талап кылышты. Аларга Бишкек шаардык соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси Кубат Шадыбеков маркум Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланыштуу гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, мыйзамга ылайык анын тыянагын балдарына жана туугандарына берүүгө болбостугун айткандан кийин, Нарындан келүүчү укук коргоо кызматынын өкулдү күтүштү.
«Эгерде соттук-медициналык экспертизалык бюро Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланыштуу так, туура эмес тыянак чыгарса, анда биз кщз карандысыз, альтернативдик медициналык экспертизага кайрылабыз»,- деди Урмат Акунов.
«Элет» саясий партиясынын лидери Накен Касиев ачкачылык акциясына катышкан Бектемир Акуновдун Нарын ички иштер бөлүмүндө набыт болушунун себептерин иликтөөгө катышып келип, маркумдун боорунда жаракат, башында, тизесинде, көкүрөгүндө, буту-колунда тактар бар экендигин маалымдаган. Бирок «Акунов өзүн-өзү муунтуп өлтүрүүгө өзү барганын же бирөөлөр аркылуу жасалганын галистикалык экспертиза аныктай тургандыгын» билдирген.
Ал эми Бириккен фронттогу саясатчылар 5-майда Байтик айылында жыйын өткөрөөр алдында Бектемир Акуновду тартип коргоо кызматкерлеринин курмандыгы болду деп эскеришип, бийлик буга саясий баа бериши керектигин белгилешкен.
Аманбек Жапаров, Бишкек
Сүрөттө: Бектемир Акуновдун Бишкекте апрелде ачкачылык акцияларынын учурунда түшкөн акыркы сүрөтү. (солдо)