Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

АКШ: ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН КОНГРЕСС “ИТ ЖЫГЫЛЫШ” АБАЛДА


Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш кечээ конгресстин эки палатасынын лидерлери менен жолугуп,өкмөттүн Ирактагы саясатын жана анын негизги багыттарын талкуулады.Мунун алдында өкүлдөр палатасында демократтар президенттин ветосун жеңгенге аракет кылышып, бирок жыдып калышты. Америкалык аскерлерди Ирактан чыгарууну караган мыйзам долбооруна Буш шейшемби күнү вето койгон эле.

Конгресстин эки палатасында жактырылган мыйзам долбоорунда Ирактагы жана Ооганстандагы аскери операцияларга Буш сураган кошумча каражат ажыратуу маселеси жактырылып, бирок бул иш Ирактан америкалык контингентти чыгаруу талабына байланыштырылган эле. Конгресс аскерлерди чыгарууну быйыл баштап, эмдиги жылы жазда толук аяктоону сунуш кылган. Буш буга таптакыр макул боло албай турганын айтып, конгрессти АКШнын урушта утула турган мөөнөтүн аныктаганы үчүн айыптады. “Душманга аскерлерди качан чыгарганы жатканыңды айтуунун эч кандай жүйөөсү жок”, - деп айтты Буш. Бу датаны террорчулар календарында белгилеп алышып, Ирактын мыйзамдуу өкмөтүн кулатканга жана өлкөнү өз контролдугуна алганга бардык күч-аракетин топтой баштайт. Мындай кадам, Буштун кебине ылайык,ирак элинин да ындынын өчүрөт,бүткүл Жакынкы чыгыштагы террорчулардын чырагына май тамызат, АКШ өз милдеттенмесин аткарбай жатканы тууралуу аларга айтылган кабар болуп калат.

АКШдагы коомдук пикирдин көрсөткүчтөрү калктын көпчүлүгү Ирактан аскерлердин чыгарылышын жактай турганын ырастоодо. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси америкалыктардын көпчүлүгү жактаган жана конгресстин эки палатасы колдогон бу сунушка президент урматтап мамиле кылбагандан улам аткаруу бийлиги менен мыйзамгерлер ортосунда өтө чоң ажырым пайда болгонун белгиледи.

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери,демократ-сенатор Гарри Рейд президентке Ирактагы аягы көрүнбөгөн жарандык согушка америкалык солдаттардын бекем байланып калганы жакса, бу америкалыктарга жакпай турганын кошумчалады.

Демократтар өкүлдөр палатасында кечээ президенттин ветосун жеңип чыкканга аракет жасашып, керектүү добуш топтой алышкан жок. Ветону жокко чыгарууну жактап 222 конгрессмен добуш берди, 203ү ага каршы болду. Бул үчүн палатанын үчтөн эки мүчөсүнүн макулдугу керек.

Ошол эле учурда президенттин ветосу Ирактагы жана Ооганстандагы операцияларга керек болуп жаткан 124 миллиард доллар каражатка да каскак болду. Ошондуктан Буш конгресс менен мунаса издөөгө киришти. Демократтардын лидерлери президент менен тиреште акыр аягына чейин турганга чечкиндүү экенин айтышканы менен мунаса тапканга да каршы болушкан жок. Эми кептин баары – бу тиреште ким кимге көбүрөөк өнөгүн алдырат, ушунда калды.

XS
SM
MD
LG