МОСКВА. Россиянын коомчулугу атактуу музыкант Мстислав Ростропович менен кош айтышып жатат. Ростропович 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркум менен коштошуу каадасы Москва консерваториясынын чоң залында өткөрүлүп, андан соң анын сөөгү Акрасул Исанын храмына которулат. Храм коштошуу үчүн түнү бою ачык болот.