“Ата мекен” социалисттик партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Төлөгөн Келдибаевдин маалыматы боюнча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кеңседен партиянын мүчөлөрү боюнча маалыматтарды, жергиликтүү жыйналыштардын токтомдорун жана партиянын ишмердүүлүгүнө байланышкан документтерди алып чыгып кетишти. Чекисттер тинтүүнүн негиздемелери жана шарттары боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.
Төлөгөн Келдибаев 16-апрелден кийин саясий куугунтукка алуу күчөп, негизсиз жерден партиянын активисттерин басмырлоо башталгандыгын жарыялады:
- Эгерде Кыргызстанда ушундай кыса берсе биз Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болуп атабыз. Бир жагынан органдар, бир жагынан криминалдык авторитеттер чаап салабыз, антебиз-минтебиз деп биздин үй-бүлөбүзгө чейин коркутууга барып атат.
Ал эми “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин активисти Мырзабек Акматов болсо башкача ойлонгон саясий күчтөргө карата Бакиев бийлиги өкүм зордук жолду тандап алды деди:
- Эгерде оппозиция болбосо бизде өнүгүү болбойт. Оппозиция кээде туура жактарын айтышат, элдин кызыкчылыгын коргогонго жардам беришет. Ошондой нерсе болуп туруш керек. Эгерде аларды куугунтуктоо болсо биздин коом өнүгө албайт.
“Ата мекен” саясий партиясынын Оштогу кеңсесин тинтүүгө алуу окуясы боюнча Ош облустук прокуратурасы да комментарий берүүдөн баш тартты.