Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Түштүк Корея түндүктөгү жакыр коңшусуна жардам бермекчи


Түштүк Корея түндүктөгү жакыр коңшусуна азык-түлүк, атап айтканда күрүч менен жардам бермекчи. Сеул Түндүк кореялыктарга 400 миң тонна күрүч жиберүүнү пландоодо. Мындай жардам Пхеньян эларалык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, былтыр июлда ракета сыноосун өткөргөндөн кийин токтотулган. Кабарларга караганда, түштүктүктөр эч кандай шартсыз жардам беришет. Андан тышкары тараптар темир жол кыймылын жанджантууга макулдашышты. Ошентип, 50 жылдан бери алгачкы жолу поезддер катуу кайтарылган чегараны кесип өтмөкчү. Эки Кореянын жаңжалы тынчтык келишими менен эмес, элдешүү менен аяктаган. Андыктан, тараптар техникалык жактан согуш абалында кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG