Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

«БИРИККЕН ФРОНТТУН» МҮЧӨЛӨРҮНӨ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин парламентте бүгүн берген маалыматы боюнча Башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иши козголду. Анын бири массалык башаламандык боюнча. «Кечээки митингдин жүрүшүнүн кесепеттерине байланыштуу «Бириккен фронттун» депутаттык кол тийбестик укугу бар жана кол тийбестик укугу жок мүчөлөрүнө карата кылмыш иши козголду», деп билдирди Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев.

Ал эми экинчи кылмыш ишине 22 депутаттын башкы прокуратурага кат менен кайрылганы себеп болгон. Ал 14-апрелде аянтта болгон мушташка байланыштуу айрым депутаттарга карата Кылмыш кодексинин «мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу» жана «өзүмбилемдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура депутат Камчыбек Ташиевге карата да кылмыш ишин козгоону суранган айрым депутаттардын өтүнүчүн канаттандырган жок. Башкы прокурордун пикири боюнча, бул иш парламенттин этика комитетинде каралганы туура. Депутат К.Ташиев 17-апрелде өткөн жыйыны маалында Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерин микрофондун темир түркүгү менен башка чапкан.

«Бириккен фронттун» мүчөсү, 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын камерасында каза тапкан Бектемир Акунов Башкы прокурордун маалыматы боюнча муунуп өлгөн. «Бирок бул иш боюнча да кылмыш иши козголгон, 2 милиция камакка алынды, мен аны менен макул эмесмин, бирок мага айтышты – туугандарын алаксытып туруу үчүн камадык» деп айтышты, деди Э.Сатыбалдиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев башында турган топ Б.Акуновдун өлүгүн сойгондон кийин маркум тирүү кезинде ур-токмокко алынган. Ал эми ал муунуудан же муунтурулуп, күч колдонуудан каза тапканын кошумча иликтөө көрсөтөт деген жыйынтыкка келген. (КО)

XS
SM
MD
LG