Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Кошмо Штаттарда полиция университеттеги кандуу окуяга жүйөө болгон жагдайларды иликтөөдө


Ушул дүйшөмбү күнү Виржиния Техникалык университетинде 32 адамдын өмүрүн кыйган студент теги боюнча Түштүк кореялык, 23 жаштагы Чо Сен Ху экени аныкталды. Ал оболу эки адамды студенттик жатаканада, андан эки саат өткөндөн кийин 30 кишини окуу корпусунун ичинде атып, соңунда өз жанын өзү кыйган. Чо Сен Ху Кошмо Штаттарга ата-энеси менен 8 жаш курагында, 1992-жылы келген экен. Университетте англис тилинен билим алчы. Кызыл кыргын орун алган университетте кечээ президент Жорж Буштун катышуусунда аза күтүү иш чарасы өткөрүлдү. Кошмо Штаттардын мамлекеттик мекемелеринин баарында 22-апрелге чейин желектер ылдый түшүрүлүп турат.

XS
SM
MD
LG