Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:26

«КАЙДА БАРСАҢ МАМАЙДЫН КӨРҮ»


Кыргызстандын бюджети 35 миллиард сом же 1 миллиард долларга бираз жете бербеген чекке чыкты. Эки күнгө созулган талкуудан соң депутаттар быйылкы жыл бюджетин толугу менен кабыл алышты. Бюджет укугу тууралуу мыйзамга ылайык өлкөнүн негизги экономикалык документи бул ирет эки баскычтуу болуп түзүлгөн.

Эки баскычтуу бюджет маалынан кыйла кечигибирээк кабыл алынышынын жөндүү дегидей себеби бар. Антишке Ф.Куловдун өкмөтүнүн негизги экономикалык документти кабыл алууда арасат туруп калышы, ага кошумча жаңы жылга чукул саясий окуялардын өөрчүп кетиши себеп болду. Азим Исабековдун министрлер кабинети эки айга жетпей алмашылып, үч колдон өткөн 2007-жылдын бюджети 5-апрелде «Бириккен фронтчулардын» саясий ачкалыгы башталган күнү толугу менен кабыл алынды.

Кайсы бир айыл өкмөтү кеңсеси жоктугунан чайканада жайгашып иштеп атканы, түртүп ийсе урап кетчүдөй болгон мектептер, көк муштум болуп чатырда окуп жаткан окуучулардын көйгөйү, бүтпөй калган курулуштар, бузулган жол, суу алып кеткен көпүрө, таза суунун жоктугу, иши кылып, Кыргызстандын айыл-кыштактарындагы толгон-токой социалдык проблемалардын дээрлик баары айтылды. Парламентте ачыкка чыккан кеп-сөздөрдү кунт коюп угуп отурган өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев көркөм сөзгө жакын жан эмеспи, экономикалык жагдайды момундай сүрөттөдү.

- «Кайда барсаң Мамайдын көрү». Бюджетибиз да орус агайындар айтмакчы «Тришкин кофтан». Биякка тартсаң тиягы ачылат, тиякка тартсаң бул жагы ачылат.

Парламент депутаты Дамир Өскөмбаевдин пикиринде минтип тигил-бул жыртыкты бүтөш аракети менен экономикалык кырдаалды жакшы жагына оодарыш кыйын.

-Биз жыл сайын кайсы бир тармактарды алдыга көтөрүү, биртоп жетишкендиктерге ээ болууну айтып келебиз. Бюджет каражаттарын болушунча үлөштүрөбүз. Жыйынтыгында болсо эч кандай өзгөрүүсүз калабыз. Кайсы бир тармакта көзгө көрүнөрлүк ийгиликке ээ боло албадык.

Анткен менен быйыл Кыргызстан эки баскычтуу бюджетке өттү. Жаңылыктын кыйынчылыгы кыйла эле болгонун парламенттин каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков толгон-токой сандык көрсөткүчтөрдүн мисалында эл өкүлдөрүнүн алдына жайды.

-Ушул жерде төрт жолу кеңейтилген жыйын өткөрдүк. Областты чакырдык, райондорду чакырдык, министрлер менен өзүнчө. Жер-жердин бийлиги менен өзүнчө өткөрдүк. Андан тышкары үч күн тынбай ушул бюджет комитетинде катышып талкууладык.

Быйылкы жыл бюджетинин дагы бир айырмасы – бул ирет эларалык каржы уюмдарынан алып бюджет жетишпестигин жапчу грант, кредиттер так көрсөтүлдү. Ортодо жетпей турган 4 миллиард 431 миллион сом карыз акчалардын эсебинен жабылат.

Кандай болгон күндө да мамлекеттик чыгымдоолордун өлчөмү бул жылы 1 миллиард долларга жакын акчаны түзүүдө. Эгер саясий тиреш-күрөш токтолбосо көздөгөн экономикалык көрсөткүчтөр кагазда гана каларын айтып, Кыргызстандын Каржы министри А.Жапаров бюджет жалпы элдин көзөмөлүндө болоруна ишене тургандыгын маалымдады.

-Эки деңгээлдүү бюджет менен мына 1 квартал иштедик. Жаман иштеген жокпуз. Эң негизгиси, мен муну баса көрсөткүм келет, биздин бюджетибиздин эки жылдан берки ачыктыгы эларалык стандартка ылайык жасалды. Ал эми жалпы бюджет жагынан алсак, чыгашасы 35 миллиарддан ашты. Киреше жагы болсо 31 миллиард сомдун тегереги. Эми акыркы сандарды тактап бүтө турган болсок, Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн чыгашасын 1 миллиард дoлларга жеткирип жатат.

Маалымат катары айта кетчү сөз, 2001-жылы Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 73 миллиард сом болсо, быйылкы жылы ал 122 миллиардка жемекчи. Республикалык бюджеттин кирешеси мындан 6 жыл илгери 11 миллиардка бираз жете бербеген акчаны түзсө, быйыл ал 26 миллиардка жеткени туру.

XS
SM
MD
LG