Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

12:26 «Белый пароход» гезити өлкөдөгү окуялардын өнүгүү жолунун төрт баскычын белгилейт


1-жолу-радикалдуу жол, К.Бакиевдин кетиши менен Конституциялык реформа жүргүзүлүп, башкаруунун парламенттик жолуна өтүү процесси башталат. 2-жолу - жумшагыраак жол, К.Бакиев оппозиция менен сүйлөшүүгө келет, президент мөөнөтүнүн аягына чейин кызмат ордунда калат, Башмыйзам парламенттик башкарууну көздөй багыт алат. 3-жол-президенттик жол, оппозиция койгон талаптар убада берүү аркылуу улам артка жылдырыла берет, бирок аткарылбайт, кечигет. Оппозиция койгон талаптарды аткаруу иши Бакиев тарабынан Атамбаевге жүктөлөт. Тилекке каршы Атамбаевдин колунан аны аткаруу келбейт. Бакиев бир аз тыным алат, күчүн топтойт, анан президенттик бийликтин экинчи мөөнөтүнө аттанат. 4-жол-кандуу жол. Бул жол эгер бийлик митингке чыккандарды күч менен басып таркатууга аракет кылса гана келип чыгыш мүмкүн. Сценарий ушул өңүт менен өнүксө Кыргызстандын жаркын келечегине жана анда жашагандарга крест коюп койсо да болот. Анда жалпы улуттук алкактагы гуманитардык кыйроо башталып, республика ыдырап, мамлекет жок болот, деп жазат Улан Канкор аттуу автор. (ShD)

XS
SM
MD
LG