Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:41

ТАЛАС: МИТИНГИЧИЛЕР ТАЛАС-БИШКЕК ЖОЛУН ТОСУП ЖАТЫШАТ


Алтын кендердин иштешине каршы турган митингчилер Бишкек-Талас жолун тосуп, азырынча “Жерүй”, “Андаш” алтын казуучу компанияларынын жумушчуларын жана автоунааларын өткөрбөй жатышат. Митингчилер өкмөт маселени 5-апрелге чейин чечпесе жолду толук жабаарын айтышууда. Кечээ күнү алар менен облустун губернатору барып жолугушту.

Талас районуна караштуу Манас айылынын күн чыгыш тарабында алтын кендерге каршы жол жабуу акциясы 3 бозүй, 1 вагон орнотулуп уланууда. Колдоруна кызыл жабуу байланган жаш балдар Бишкек-Талас жолун атайын орнотулган тосмо менен тосуп, ар бир машинаны кылдаттык менен текшерип өткөрүшүүдө.

Митингчилер менен облустун губернатору Байымбет Мураталиев барып жолугушту. Ушул маселе боюнча Бишкекке барып өкмөт башчы Алмаз Атамбаев менен жолугушканын айтты:

- Атамбаев Алмаз Шаршеновичтин кабылдамасында болдум. Ушул бул жерде болуп аткан маселенин барын мен айттым. Ал киши айтты, мен телевизордон да айттым эле 11не чейин колум бошобой атат, жаңы өкмөттү түзүп атам, жумушту бүткөндөн кийин депутаттарды алып алып Таласка барып, коюлган маселелерди карап чыгам, чечкенге аракет кылам деп менден суранды, - деди Байымбет Мураталиев.

- Кылым карытып келаткан Таласты 3-4 киши талкалаганы калды. Эгерде таластык болсоңуздар эл үчүн элдин талабын талашып койсоңуздар деп суранабыз,-деди 400гө жакын акцияга келип катышкан жергиликтүү тургундардын арасынан губернаторго Төлөн Бердалиев.

Талас району Манас айылынын тургуну Шумкарбек Жумакеевдин айтымында, үч күнгө чейин мтингичилердин талабын бийлик укпаса, алар жолду таптакыр жаап, бир да автоунаа өткөрбөй койгон жатышат.

Жол четиндеги тамдардын боорлорунда кендердин иштешине каршы бир топ ураандар жазылып турат. Алардын ичинен элдин көзүнө урунган лозунг төмөнкүчө жазылган: “Жерүй контрагы, алтын чет эл үчүн 60 пайыз, акча чиновниктер үчүн 40 пайыз, өлүм таластыктар үчүн 100 пайыз”.

XS
SM
MD
LG