Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

УКРАИНАДА КАЙРАДАН САЯСИЙ ТОЛКУНДООЛОР


Украинада президент Виктор Ющенко өлкөнүн парламентин - Жогорку раданы мөөнөтүнөн мурда таркаткан жарлыкка кол койду. Бул чечим кечээ чыкты. Бирок парламент президенттин жарлыгын мыйзамсыз деп жарыялап, өз ишин уланта берерин билдирди.

Кечээ кечинде телеканал аркылуу элге кайрылган сөзүндө президент Виктор Ющенко мындай деп айтты:

- Менин кадамым мамлекетти, анын суверенитетин, территориялык бүтүндүгүн сактап калуу, өлкөнүн конституциясын, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн чукул муктаждыктан келип чыкты.

Президент Ющенко парламентти кризисти атайылап курчутту деп айыптады.

Жогорку радада коалиция фракциялык негизде түзүлбөйт, Рада легитимсиз мыйзамдарды кабыл алат, бир жыл ичинде бийликтердин таламдарына ылайык келгидей иш кыла алган жок, деп айтты Ющенко.

Өз жарлыгы менен президент 27-майга парламенттик шайлоо белгиледи.

Украиналыктарды ал шайлоодо адилеттүү, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга чакырып, муну менен саясий тиреш токтотуларын жана өлкө үчүн жаңы келечек ачыларын белгиледи.

Шайлоого даярдык көрүү мезгилинде жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылууну Ющенко ички иштер, коргоо министрликтерине, коопсуздук кызматына тапшырды.

Президент жарлыгы угузулар замат парламент чукул сессияга чогулуп, атайын билдирүү кабыл алды.

Документте президенттин жарлыгына карабастан парламент ишин уланта берери айтылат.

Бул чечимди колдоп сессияга чогулган 255 депутат добуш берди. Сессияга оппозициядагы депутаттар катышкан жок.

Спикер Александр Мороз азыркы парламентти таркатканга эч кандай укуктук негиздер жоктугун, Жогорку раданы бүткүл украиналыктар, эл аралык уюмдар жана президент өзү тааныган демократиялык стандарттарга ылайык жалпы эл шайлаганын эске салды.

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Жогорку Рада Европа кеңешине кайрылуу даярдоо милдетин тышкы иштер министрлигине табыштады.

Мындан тышкары депутаттар президенттин жарлыгы негизги мыйзамга ылайык келбей турганын белгилешип, маселени Конституциялык сотко бермей болушту.


(Сүрөттө: Виктор Ющенко 2004-жылы 4-декабрда ыңкылапчылардын алдында чыгып сүйлөп жаткан кез).

XS
SM
MD
LG