Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

КОЛОНИЯДА ТОГУЗ АДАМ САБАЛДЫ


27-мартта 16-түзөтүү колониясында абакта отурган тогуз адам кайтаргандар тарабынан себепсиз уруп-сабалган. Таяк жеген айыпкерлер жана алардын туугандары бул окуя боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылып, анын негизинде атайын прокуратура кылмыш ишин козгоду. Ал эми Жаза өтөө мекемелер башкы башкармалыгы абакта отургандар колониянын кызматкерлерине каршылык көргөзгөндүгү үчүн күч колднууга аргасыз болгондугун билдирди.

Таяк жегендердин аялдары Акыйкатчы институтуна келип сабап-уруу фактысы боюнча арыз беришкен. Анын негизинде аталган мекеменин кызмкерлери колонияга барышып, бул окуянын чоо-жайы менен таанышып келишкен. Акыйкатчынын орун басары Таалайбек Кошоковдун айтымында, 27-март күнү абактагыларды тинтүү операциясы жүргүзүлүп, андан соң 9 айыпкерди колониянын кызматкерлери себепсиз эле чечинтип, уруп-сабоого алышкан:

“Абакта отургандарга ич кийимиңерди да чечкиле деп айтышканда алар макул болгон эмес экен. Анда алар кийимдерин бычак менен кескилеп, аларды сабап, кыйнаган экен”.

Бул билдирүү боюнча жаза өтөө башкы башкармалыгынын атайын прокурорунун орун басары Темир Сатаркулов менен Акыйкатчы институтунун кызматкерлери сабалган адамдардын экөөсү менен жолугуп, токмоктолгондорду видеого тартышкан.

Токмок жеген тогуз адам ошол эле күнү башка абактарга которулган. Алардын төртөө №1-колонияга, үчөө №3-колонияга жеткирилген. Таалайбек Кошоковдун белгилешинче, которулган айыпкерлердин жеке денсоолугу тууралуу маалыматтары аталган абактарга кошо жеткирилген эмес. Анткени №16-колониянын жетекчилиги токмоктун тактарын жашырууну аракеттенишкен:

“Бардыгынан кызыгы, буларды башка колонияларга жиберип, бирок алардын саламаттыгы тууралуу маалыматты бербей коюшкан. Токмоктоонун издери, сабоо тууралуу маалымат китепчеге киргизилип калат деп корксо керек”.


Ал эми Жаза өтөө башкы башкармалыгынын маалымат-катчысы Сергей Сидоров абакта отургандар себепсиз сабалган деген айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, бул тогуз айыпкер колониянын кызматкерлерине каршылык көргөзүп, ошондон улам күч колдонулган:

“Бизде атайын эреже бар, башка колонияга которулаардын алдында абактагылар тинтүүгө алынат. Алар болсо бизге баш ийүүдөн баш тартышты. Ошондо аларды баш ийдирүү максатында күч колдонууну чечтик. Айта кетсек, тинтүү операциясы учурунда бир курч зат жана эки бычак табылган. Акыйкатчы аппаратынын абактагылардын укугу бузулуп атат деп билдиргени түшүнүксүз болуп атат. Анткени, алар бизге келип, жагдайды бизден кызматкерлерден сураганга аракет да кылган жок”.

Абакта отургандар жаза өтөө мекемелеринин кызматкерлери тарабынан таяк жеп, укуктары бузулуп атат деп жергиликтүү бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар да акыркы кездерде өз тынчсызданууларын билдирип келишет. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова уруп сабагандар жоопко тартылмайынча, мындай көрүнүш менен күрөшүү мүмкүн эмес деген пикирде:

“Ушундай жабык мекемелердин кызматкерлери жаза өтөө мекемелеринин кызматкерлери жоопко тартылып атканын көргөндө гана мындай көрүнүштөр биротоло токтойт”.

XS
SM
MD
LG