Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:45

17:05 Саясий партиялардын Жалалабаддагы өкүлчүлүгү кыргыз элине жана президентке кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАД. Курамына «Эркиндик», “Жаңы Кыргызстан”, “Эмгек жана биримдик”, Кыргызстан коммунисттик партиялары менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын бөлүмү жана төрт уюм кирген элдик кыймыл апрелде башталаар саясий акцияларга тынчсыздануусун билдирди. Алар “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт даярдап жаткан мөөнөтсүз митингдер жарандык коом арасында, же эл менен күч органдарынын ортосунда кагылышууларга алып келерин эскертишти. Өлкөдөгү аң-сезимдүү коом – бир ууч саясатчылардын Ата Мекенди улуттук, аймактык-этникалык белгилер боюнча бөлүүсүнө жол бербей тургандыгына ишенерин билдирип, президентти чечкиндүү аракеттерди көрүүгө, Конституциянын долбоорун элдик референдумга алып чыгууга жана кадр саясатында кардиналдуу өзгөртүүлөрдү жасоого чакырышты. (YA)

XS
SM
MD
LG