Салтанаттуу жыйындын башында элдин ынтымагы, жердин бүтүндүгү тууралуу театрлаштырылган оюн-зооктор коюлуп, март ыңкылабына арналган ырлар окулду. Жыйынга президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Азим Исабеков жана башка расмий жетекчилер, өлкөнүн жер-жерлеринен келген делегаттар катышууда. Учурда мамлекет башчы 2005-жылдын 24-мартында болгон ыңкылабы, андан кийинки жетишкендиктер тууралуу сөз сүйлөп жатат.