Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

САЯСАТ САТЫЛУУДА


«Жакшылыкка шыпаа кылган үмүттөр ошентип акталган жок. Тескерисинче көп эсеге начарлады. Бүгүнкү Кыргызстанды Дордой базарына салыштырса куп жарашат. Бардык жерди шылуундар басты. Бардык жерди алып-сатмай айла-амалдары чырмады. Саясат да сатылууда…» Бул сүйлөмдөр «Лица» гезитинин бүгүнкү санында жарык көргөн мурдагы мамлекеттик катчылардын бири Осмонакун Ибраимовдун калемине таандык. Осмонакун мырзанын «Уурдалган революция» аттуу көлөмдүү ой-толгоосу гезиттин ушул санында жарык көрдү. «Лица» мындан тышкары «Катылган мылтык качан болбосун атылат» аттуу макаланы, «Мен Аскар Акаевди үй-түрмөсүнө камакка алмакчы болгомун» деген тема алдында генерал А.Чотбаев менен аңгеме-дүкөндү жарыялады. Чуулгандуу дагы бир маалымат окурмандардын таразасына салынды. Бакиевдин кишилери баштарында өз ою бар жигиттерди 1000 АКШ долларына кантип сатып алгандыгын, жаш саясатчылар Адил Турдугулов менен Жаркынбек Касымбеков мындай ыплас жолго кантип барышканын ошол эле жаштардын «Жебе» деп аталган уюмунун мүчөсү Жоомарт Сапарбаев айтып берген.

«Де-факто» гезити саясат таануучу Нур Омаровдун «2007-жылдын 11-апрелинде эмнелер күтөт?» дегенине орун берди. Ошондой эле 1 жылдан бери Лондондо жашап, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банк төрагасынын улук кеңешчиси болуп иштеп аткан Жоомарт Оторбаев менен баарлашты. Оторбаев мырза, Кыргызстанда жеке ишкерликтин өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктүн жоктугун, аларды ар кандай мекемелер жумасына 7, айына 30 жолудан текшерип турарын, боортоктоп жаткан Кыргызстанды бүгүн жерден өнөржайы же айылчарбасы эмес, тейлөө тармагы гана көтөрөрүн, тилекке каршы Кыргызстандын таланттуу жаштарынын көбү өз өлкөсүнө жардам берчү курагында өз жеринен колдоо таппай Алматы менен Астанада, айрымдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөнүн, ал эми Н.Назарбаев бүгүн дал ошондой жаштарды кызматка алуу менен утуп жатканын, маселен анын акыркы дайындаган премьер-министри 42 жашта экенин, англисче, кытайча суудай билерин айткан. Гезит анан ушу кезде чет лдиктерге кеңешчи болуп жүргөн кыргыз жаштарынын тизмесин баскан. Алар: Болот Абилдаев, Улан Сарбанов, Нуркалый Исаев, Чоробек Имашов, Замир Малабеков, Темирлан Төрөмырзаев өңдүү финансисттер.

«Апта» гезити азыркы бийликке жаштардын мамилесин сурап кайрылганда, «Ар-Намыс» партиясынын Талас облусу боюнча координатору Төрөкан Жунусбеков, Бакиевдин эки жүздүүлүгүн, анткени ал Үзөңгү-Кууштун долбоорун парламентке алып барып колдотконун, кийин аксылыктарды жазалоо боюнча «Тайфун» деп аталган операцияга колун койгондугун, ошондуктан ал башкарган бийликке ишенбесин, «Канжар» патриоттук кыймылынын лидери Жалын Маматказиев, улуу муун өткөн тарыхтан сабак албаганын, жаштар четке сүрүлүп калганын, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын мүчөсү Адилет Айтикеев, бийлик дагы эле элди алдап жатканын, Нарындык студент Акылай Наржигитова, Бакиев командасындагылардын көбү тойгончо жеп, өлгөнчө карганганга көнүп бүткөндөрдөн турарын, Ош шаарынан студент Зарина Орунбаева, бийликке да, оппозицияга да ишенбестигин, мамлекет тизгини жаштарга тиймейин иш болбой калгандыгын, Сузактан Айзада Үркүнчиева, эң өкүнүчтүүсү бийлик өз ордун сактап калу үчүн түндүк-түштүк маселесин атйылап козутуп, карапайым элди курал катары пайдаланып келатканын, Чолпон Ата шаарынан Анара Азимкулова, Конституциялык реформа болмоюн жылыш жоктугун айтып жооп беришкен.

«Айкын» гезити Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмерлерине сөз бергенде, Ишенбай Абдуразаков, эл 24-мартта Акаев түзүп кеткен үй-бүлөлүк системага каршы чыкканын, бардык бийликти бир адам колуна уучтап алганы ушундай кесепеттерге алып келгенин, эми ошол системаны бузгандын ордуна кайрадан президенттин бийлигин күчөтүп олтурганы, өлкөнүн коррупцияга, паракорчулукка батышы жакшылык менен аяктабасын айтса, белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов, бардык саясатчыларга от менен ойнобогула деп кайрыларын, эгерде элди минтип түндүк-түштүккө бөлө беришсе, алардын аттары тарыхта чыккынчылар катары каларын айткан.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG