Атаке баатырдан Россия империясына жиберген элчилигин Абдрахман Кучаков жетектегени жалпыга маалым. Орус архивдик материалдарында элчинин кесиби туурасында кошумча маалымат жолуктурсак болот. Тоболь мамлекеттик казыначылыгынын Сибирь багытынын командири Н.С.Федцовго 1786-жылдын 19-мартында жолдогон катына караганда кыргыз элчисинин толук ысмы Абдрахман Курган Кучаков деп жазылган. Окумуштуулардын оюна ылайык Курган анын азан чакырган ысмы, ал эми Абдрахман анын дин аталышы болгон. Абдрахман Кучаков орус архивдик материалдарында кесиби молдо катары катталган.
Түркстан коммунисттик партиясынын экинчи конференциясы 1919-жылдын 19-март күнү ишин баштады. Конференцияда Түркстан коммунисттик партиясынын Мусулмандар бюросун уюштуруу туурасында чечим кабыл алынган.
Кыргыздын маданиятынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти Сабира Кумушалиева 1917-жылдын 19-мартында жарык дүйнөгө келген. Болочок артист Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумду 1934-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында эмгектене баштайт. Сабира Күмүшалиеванын чыгармачылык сапары байсалдуу уланып, ал калк кадырына татыган сахна чеберине айланды Ал жараткан ондогон ролдор кыргыз адабиятынан баштап, дүйнөлүк классикаларга жетип, актриса кыргыз калкынын сүймөнчүгүнө айланды.
Атактуу Тимурдун өмүр жолун, теңдешкиз кол башчылык аскер өнөрүн даңазалан Низам ад-Дин Шаминин кол жазмасы 1404-жылдын бу күндөрү өкүмдардын колуна тийди. Тимур чыгарманы оң баалап, ага «Зафер-намэ» тактап айтканда, «Жеңиш китеби» деген аталышты берген. «Зафер-намэ» чыгармасында Кыргызстандын жер аталыштарына байланыштуу кызыктуу маалымат арбын учурайт.
Соңку парламенттик шайлоодон кийин кырдаал курчуп, 2005-жылдын 19-мартында Ош областтык имараттын кашында Кыргызстан калкынын кезектеги курултайы өттү. Курултайга жети миң чамалуу адам катышып, алар президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, чукул президенттик шайлоо өткөрүп, парламенттик шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талаптарын коюшту.
Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз чакырылган сессиясы 2005-жылдын 19-март күнү ишин баштады. Шаардык кеңеш депутаттары Жалалабад, Ош областтык мамлекеттик администрация мекемелеринин жана айрым райондук администрация имараттарынын мыйзамсыз басып алынышын айыпташты. Шаар депутаттары жалпы кыргыз калкын сабырдуулук, тынчтык жана ынтымакка чакырган кайрылуу кабыл алды.