Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

17:40 Эднан Карабаев: ШКУга мүчө мамлекет башчылардын саммиттин мөөнөтүн которуу ниети жок


Бул тууралуу тышкы иштер министри Эднан Карабаев саясий кырдаалга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Министр оппозициянын аракеттери Шанхай Кызматташтык уюмунун Бишкек саммитине терс таасир этет деп ойлобойт. Азыр Кыргызстандын тышкы саясий кызматташтыгы өз нугунда кетип баратат деп билдирген министрдин айтымында, Шанхай Кызматташтыгынын алкагында расмий сапар менен Кыргызстанга Россиянын, Кытайдын жана Тажикстандын мамлекет башчылары келгени жатат. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга апрель айында расмий сапар менен келет. Ал эми президент Курманбек Бакиев күзүндө Белгия мамлекетине барганы жатат. Президенттин жазга белгиленген расмий сапары ишке ашпай калган. Министр муну саясий себептер менен байланыштырууга негиз жок деп билдирди.
(BuS)

XS
SM
MD
LG