Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

КРИСТАЛЛ: ЧУУНУН БАШЫ КАЙДА АЛЫП БАРАТ?


Поликремний чыгаруу максаты менен Совет мезгилинде курулган «Кристалл» ишканасынын айланасындагы чатак апта ичиндеги саясий чөйрөнүн башын ооруткан олуттуу окуя болду. Мамлекеттик ири ишкана мыйзамсыз сатылып жатат деп жар салган парламент мунун артында бийликтеги кызыкдар адамдар бар деп түкшүмөлдөп жатышат.

«Кристалл» ишканасын Казакстандык фармацевдик «Элимай» компаниясына сатуу иш-чарасы маселени парламенттик талкууга чыгарып, окуя чиеленип кетти. Кристаллды «Элимай» ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү Алматы шаардык сотунун чечимин кыргызстандык сот аткаруучулар канааттандырды. Бирок, бул чечимдин юридикалык күчүн бекемдөөчү жараяндар депутаттардын көтөргөн чуусунан кийин өкмөттүн жардамы менен убактылуу токтотулду. Мындай буйрукту президент Курманбек Бакиев үчүнчү мартта чыгарган болчу.

Данияр Үсөновдун парламенттин 9-марттагы сессиясында берген маалыматына караганда, ишканага байланышкан чатактын башы мындан он эки жыл мурда башталган. Кыргызстан газ үчүн Өзбекстанга карызын төлөө максатында казакстандык «Элимай» формация ишканасынан карыз алып, ага кепил катары «Кристалл» заводун Өнөр жай министринин мурдагы орун басары Акматбаевдин кол тамгасы менен койгон. Бул казакстандык компаниянын «Кристалл» заводу боюнча узак мөөнөттүү соттошуусуна алып келген. Бул аралыкта кыргыз өкмөтү карызын жапкан. Бирок, өз чыгымдарын эсептеген «Элимай» формация ишканасы даттанууну уланткан. Эл аралык юридикалык «Шервуд Макензи» компаниясынын эсеби боюнча «Элимайдын» чыгымдарынын эсеби 4 млн. 667 миң долларга жеткен. Үсөнов эми мындай жагдайдан соттук териштирүүлөр аркылуу гана чыгууга болот деп, анын эки себебин келтирүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Тектеш

XS
SM
MD
LG